Иллюстрация: Алина Печенкина

Материалдын түп нускасы Кыргызстанда инклюзивдик коомду жайылтуу боюнча InKoom долбоорунун сайтында жарыяланган.

Роза Бегалиева сулуулук салонунун ээси. Ал 2001-жылы мас айдоочу сүзүп кеткенде майып болуп калган — омурткасы сынып, ички органдары үзүлүп кеткен.

2018-жылга чейин Розаны апасы багып келген, ал көп келе сыртка чыкчы эмес. Майыптыгы бар адамдарга Кыргызстанда жумуш табуу кыйын, анткени иш берүүчүлөр зарыл шарттарды камсыз кылышпайт.

«Ажатканага кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бир күн бою иштей албайбыз. Толук бир кундү иштешибиз мүмкүн, бирок күн алыс же жарым күндөн. Бирок иш берүүчүлөр убара болгусу келбейт. Эгер өкмөт кааласа, ал мажбурлай алат. Жеке менчик ээлери көп. Эгерде бардыгы майыптыгы бар адамдарды жумушка алышы керек деген милдеттүү норманы киргизсек, иш берүүчүлөр аларды издеп, кулактандыруу беришмек», — дейт Роза.

Роза апасы менен жашаган учурда — ал токуу менен алектенчү, бирок 18 жылдын ичинде бул иштен «тажап» калган. Ошондуктан, 2018-жылы ал «Теңдик» майыптыгы бар адамдар союзунда визажист курсун окуп бүтүргөн.

2019-жылы «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму Бегалиевага Бишкекте сулуулук салонун ачуу үчүн жер берген, ал эми 2020-жылы пандемия күчөгөн мезгилде Роза Кара-Жыгач конушунда өзүнүн сулуулук салонун ачкан.

« “Бир Дүйнө — Кыргызстан” уюмунун кызматкерлери мага салон ачканда мен аларга санитардык китепчени жана патентти тариздөөгө ишеним кат бердим. Ошол учурда санэпидемстанция “оору жуктурушу мүмкүн” деп кол коюудан баш тартты. Кантип жугузмак элем? Кантип жугуза алабыз? Коляскада отурсак да иштей алабыз. Алар бир жумадан кийин гана кол коюшту.

Майыптыкты жуктурушубуз мүмкүн экен да. Майыптык эмне жугуштуу оорубу? Укук коргоочулар талашып-тартышып, аларды сотко берерин, журналисттерди чакырарын айтышкан. Ошондон кийин гана санэпидемстанциядагылар санитардык китепчеге кол коюшкан», — дейт Роза ачууланып.

Бегалиеванын айтымында, майыптыгы бар адамдар бардык жерде ушундай мамилеге дуушар болушат — мисалы, имаратка кирүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, салыктарды төлөй албай калган учурлар болгон.

«Алар ары-бери жүрө ала турган адамга ишеним кат жазып бер дешти. Бирок азыр жакшыртылды, мүмкүнчүлүк түзүлдү, чалуу баскычын орнотушту. Азыр жумуштан чыгып, жада калса дүкөнгө кире албайм. Бардык жерде тепкич бар. Борбордо деле ушундай кырдаал — жолдор абдан бузулган. Коляскамды 3 ай сайын оңдотом», — деп арызданды ал.

Розанын айтымында, анын сулуулук салону өзү жашаган конуштагы жалгыз инклюзивдүү жер.

«Ал жерде көп нерсени өзүм жасадым. Цемент жок болчу, цемент сатып алып, үй ээсинен куюп берүүсүн сурандым. Бул жеткиликтүү салон. Мен жашаган жерге пандустарды да жасап беришти. Оңдоо иштерин “Оскар Райс” курулуш компаниясы жасап берди. Жардам кылышты. Бардык эле жердеги салондорго кире албайбыз, анткени тепкичтер бар. Бишкектин борборунда майыптыгы бар адамдарды тейлей турган чоң салон ачууну кыялданам», — дейт Роза.

«Салон ачуу жолу оңой болгон жок» деген Роза окуудан кийин шаардагы кадимкисалондордо иштөөгө аракет кылган. Ал кайдыгер мамилеге дуушар болгон — иш берүүчүлөр аны кооптонуу жана «Ой, сенин колуңдан эмне келет? Эмне кыла аласың?» деген суроолуу көздөрү менен карашкан.

«Мындан тышкары, ичимде коркуу сезими пайда болду, жаңы эле билим алдым, практика жок, иш тажрыйбам да жок — бул да роль ойнойт. Бир салонго жумушка орноштум. Ал жакка да кирүүгө мүмкүн эмес эле. Экинчи же үчүнчү күнү жумуштан кетиришти. Күн бою отуруп иштей албайсың дешти. Аларга саат 10дон 19:00гө чейин отурган мастерлер керек болчу. Чынында, эртеден кечке чейин отура албайбыз. Мен салонду өзүм ачкандыктан, атайын кушетка бар, жатып эс ала алам», — дейт Роза.

Роза дагы бир салонго ишке орношуп, эки күндөн кийин өзү кеткен — ал ажатканага бара албай, колун да жууй алган эмес, анткени салон майыптыгы бар адамдарга ылайыкташтырылган эмес.

«Көптөгөн майыптыгы бар адамдар иштегиси келет, бирок ушундай тоскоолдуктардан улам иштей алышпайт. Эгерде менин салонум азыр иштебей калса, жаңы ишке орношушум керек болсо, такси менен барып-келүүгө туура келет. Троллейбустарда пандустар бар, бирок дат баскан, ачылбайт, айдоочулар да токтобойт. Ошондуктан такси менен жүрүүгө туура келүүдө, таксиде көп жүрө албайсың. Акча жолго эле кетип калат», — деп түшүндүрдү ал.

Розанын салон ачканына үч жыл болду — анын туруктуу кардарлары бар, «акырындык менен аларга өз кишисиндей эле болуп калган».

«Жумуштагы эң чарчаткан нерсе — жылытуу системасынын жоктугу, суук. Материалдарды алуу үчүн такси менен барууга туура келет. Мага сулуулук индустриясы жагат, ишим жагат. Өзүм да сулуумун жана адамдарды да сулуу кылам. Менин максатым мен сыяктуу эле кыздарга да иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Азырынча чач кыркканга кыз жок, турмушка чыгып кеткен. Майыптыгы бар бир кыз гемодиализ алат, ал кирпик чаптап, шугаринг менен алектенет. Мен — тырмак сервисинин мастеримин, визажистмин, каш жана эринге перманенттик макияж жасайм. Перманентти өзүм акча төлөп үйрөнгөм», — деп белгиледи Роза.