Иллюстрация: Алина Печенкина

Материалдын түп нускасы «InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө салым кошуу» долбоорунун сайтында жарыяланган.

на сайте проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане»

Активист айым жана «Назик Кыз» коомдук фондунун жетекчиси Укей Мураталиева церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн. Укей бала кезинен эле коом тарабынан четке кагууга дуушар болуп келген — адегенде аны бала бакчага кабыл алышкан эмес, кийин апасы« чуркап жүрүп» кызын мектепке киргизген.

«Алты жашка чыгайын деп калганда апам чуркап, мени мектепке киргизүү үчүн сүйлөшө баштады, алар такыр эле баш тартышкан. Ал тургай мага бир нерсе болуп кетсе, “эч кандай доомат кылбайм” деп тилкат жазып берген. Ошого карабай мени кабыл алууга макул болгон мугалим жок болчу. Бүтүндөй мектептен бир гана мугалим кабыл алууга макул болуп, мектепке кирдим. Класска келгеним эсимде. Классым абдан жакшы болчу, алар мага абдан жакшы мамиле кылышчу», — деп эстейт Укей.

Активист айым өзүнүн балалыгын жана билим алуусун — коом тарабынан калыптанган жасалма тоскоолдуктарды жеңүү деп атайт.

«Менин окууга жана укуктарымды ишке ашырууга болгон аракетимди баатырдыкка теңегенге каршымын. Менимче жагдай башкача болгондо айлана-чөйрө, стереотиптик ой жүгүртүү жана инклюзивдик билим берүүнүн жоктугу жараткан бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келмек. Менин мектептеги окуум, университеттеги окуум — менин кадимкидей адам экенимди мезгил-мезгил менен далилдөө», — дейт ал.

Укейдин айтымында, адамдар анын майыптыгына ар түрдүү мамиле кылышат — таксисттер колясканын айынан көрсөтүлгөн дарекке баргысы келбейт, айрымдары дайыма кеңеш бергиси келет, башкалары сакайып кетүүнү каалаганда колдоп жатам деп ойлошот. Атүгүл активист айымды «ибадат кылбагандыктан ушундай болуп калдың» деп күнөөлөгөндөр да бар.

Ооруканаларда майыптыгы бар адамдарга кайдыгер мамиле кылуу — өзүнчө көйгөй. Кыргызстанда 96 миңден ашык аялдын майыптыгы бар.

Көпчүлүгү медициналык мекемелердеги шарттардын жоктугунан эле эмес, айрым медкызматкерлердин орой мамилесинен улам доктурга барууну каалашпайт. Гинекологго барганда же балалуу болууну пландаштырганда абал ого бетер начарлайт.

«Дарыгерлер оорулуу аял оорулуу балдарды төрөйт деп стереотиптик ой жүгүртөт жана ошол нерсени күтүшөт. Кош бойлуу болгон ар бир майыптыгы бар аял жагымсыз мамилеге дуушар болот. Майыптык – бул жагдай. Бирок, төрөп жаткан аялды майып эмес, аял катары кабыл ала турчу дарыгерди издөөгө туура келет. Адатта баары жеке клиникадан издешет. Бай болгону үчүн эмес, адамдык мамиле керек болгондуктан. Андан соң анализдерди тапшыруучу жерди издөө керек», — деп нааразы болду активист.

Укей майыптыгы бар кош бойлуу айымдарга жардам берет — ал анализ тапшыруудан тарта төрөткө чейинки бардык этаптардан өтүүгө көмөктөшөт.

«Мен кошбойлуу аялдарды коштоп жүрүп, кайда барууну билем. “Майыптыгы бар аялдар” кыймылы менен биргеликте достук дарыгерлер тобун түздүк. Бир нече жыл мурун Адамды репродукциялоо борборунун сонун дарыгери — акушер-гинеколог Адашбек Муратбековду таптык», — деп белгиледи ал кубануу менен.

Активист айым майыптыгы бар кош бойлуу аялдарга жардам берүү – соцтармактарга бир нече билдирүү жазуу эмес, бүтүндөй бир стратегия экенин белгилейт.

«Бул бир айлык жумуш эмес. Кош бойлуу айымды баштан-аягына чейин коштоп жүрүү керек. Андан соң төрөт жана төртөттөн кийиник мезгил. Бүтүндөй бир система түзүп, ал адам жөнүндө айтып бересиң», — деп түшүндүрдү активсит айым.

Соцтүйүндө майыптыгы бар аялдардын кош бойлуулугу жөнүндө жазуу да коптуу. Укейге жеке кат аркылуу кош бойлуу аялдын күйөөсү жана туугандары жөнүндөгү суроолордон тартып, «аны менен кайсы келесөө жыныстык катнашка барды?» деген сыяктуу кемсинткен билдирүүлөргө чейин келген.

«Аны менен жыныстык катнашка барды дегени кандай? Ал жеке жашоосу бар адам. Менин аялды суракка алууга укугум жок. Бул менин ишим эмес. Алдыда кош бойлуулук тууралуу суроолор жараларын түшүнөм. Кудайга шүгүр, азыр жакшы мамиле кылган дарыгерлер жана чет өлкөдөн колдоо көрсөтүүгө даяр кыргыз эли бар», — дейт активист айым.

Ушундай коомдук кысымдан улам кээ бир майыптыгы бар аялдар балалуу болуу идеясынан баш тартышы мүмкүн.

«Айрымдары чыдай албай, бойдон алдырышат. Төрөгөндөр бул этаптан өтүштү – андайлар аз. Бизге жардам сурап кайрылышат, жардам беребиз, алардын канча нерсени баштан өткөргөнүн түшүнөбүз.

Балалуу болууну чечкен майыптыгы бар аялга олуттуу жоопкерчилик жүктөлөт. Ал дароо эле стереотиптерге, стигмаларга, анын кандай адам экени жөнүндөгү божомолдорго туш болушат. Аны аял катары көргөндөр аз болот. Айрымдары жөн гана акылынан адашкан оорулуу адамдай кабыл алышат. Адамды толук кандуу аял катары кабылдабоо, оорулуу адам катары көргөн божомолдор талкалайт», — дейт кайгыруу менен активист айым.

Укейдин айтымында, кээде дарыгерлер майыптыгы бар аялдарга төрөөгө тыюу салышат, алардын айрымдары мажбурлап стерилизациялоого да дуушар болушат.

«Ушундай да учурлар бар, бирок мындай окуяга кабылган аял ал тууралуу эч кимге айтпайт», — деп баса белгиледи ал.