Акылбек Жапаров Чүй облусундагы эки жаңы заводдун курулушуна капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кант шаарындагы «Кант түтүк-шифер ишканасы» заводунун жаңы линиясынын жана Ысык-Атанын Ивановка айылындагы «Асыл-Таш» керамика заводунун имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу 22-апрелде минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Капсула салуу азаменинен. Сүрөт: Минкаб

Маалыматка караганда, «Кант ТШИ» заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн долларды түзсө, анын 8,5 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылайт. 120 жумуш орду ачылары жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашык киреше түшөрү айтылды.

Жапаров, Кыргызстан кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит жана башка курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болорун белгиледи.

«Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, Байконурга чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич жана башка курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз», — деди ал.

Ошондой эле төрага заводдон эч кандай зыяндуу заттар чыкпай турганын кошумчалады.

Ал эми «Асыл-Таш» керамика заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке кирсе 300гө чукул адам жумуш менен камсыз болот.

«Жумушчулардын 70-80% жергиликтүү элден алынып, калганы инженерлер, технологдор, программисттер болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 млн долларды түзсө, анын 25 млн долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат», — деп белгилешти минкабдан.

Жапаров ишкананын пайдубалына капсула салуу аземинде атамекендик ишканалар өзгөчө колдоого алынарын белгиледи.