Бакиевдин өнөктөшүнүн казынага түшпөй калган 12 млн сом салык карызы кечирилди

Бишкектеги «Кыргыз темир» ишканасынын өндүрүштүк базасындагы Бакиевдердин махинациясына катыштыгы бар ишкер Владимир Цмоколо алты жылдан бери Кыргызстандын бюджетине төгүшү керек болгон 12 млн сом салыкты бербей келет. Муну «Клоопко» Мамлекеттик салык кызматынан тастыкташты.

Салык кызматынан белгилешкендей, 2021-жылы эле Владимир Цмоколого Кыргызстанда каттоого турган дарегине билдирүү жөнөтүлгөн, бирок анда жашабай турганы аныкталган. Ошондо гана салыкчылар милициядан Цмоколону таап, ага билдирүүнү берип коюну суранган. Андан ары эмне болгонун ведомство так айткан жок.

«Кыргыз темир» өндүрүштүк базасы Бишкекте жайгашкан жана ал 8 га жер тилкесине ээлик кылат. Жер тилкеде кампалар, кеңсе имараттары, автоунаа жана темир жол линиялары жана жүк көтөрүүчү крандары бар. 2007-жылы Курманбек Бакиевлин уулу Максим Бакиев «Кыргыз темир» ААКнын акционерлерин коркутуу жана шантаж кылуу менен», контролдук пакетти сатууга мажбурлаган.

2010-жылы, президент Бакиев тактан кулагандан кийин, уулу Максим жана анын өнөктөштөрүнө козголгон кылмыш иштеринин алкагында «Кыргыз темирдин» өндүрүштүк базасы камакка алынган. Бирок кийинчерээк мүлккө ээлик кылган компаниялардын жетекчилигин бир нече жолу алмаштыруу аркылуу базаны камактан чыгарышкан. База ээлеринин бири Владимир Цмоколо болгон.

2017-жылы Цмоколо Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнөн 15 млн сомго «Кыргыз темирди алып, кайра Бакиевдердин дагы башка Global Group деген фирмасына 136 млн сомго саткан. Бул келишимден ал Кыргызстандын бюджетине 12 млн сомдон ашык салык төлөшү керек болчу. Бирок Салык кызматынан тастыкташкандай, ал алты жыл өткөндөн кийин да аткарылган эмес.

Global Group компаниясы базаны сатып алгандан кийин, аны күрөөгө коюп, үч ири насыя алган, анын экөө мамлекеттик «Айыл банктан» болгон. 2019-жылы прокуратура базаны конфискациялоого аракет кылган. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргыз темирди» канфискациялоого жатпайт деп чечим чыгарган.

18-апрелде Владимир Цмоколодон 12 млн салыкты өндүрүүнүн мөөнөтү аяктаган. Эми Цмоколо салык кызматынын айыптары келет деп коркпойт. Ал эми Кыргызстандагы башка ишкерлер отчётторду ката толтурганы үчүн ондогон миң сомго айыпка жыгылышы мүмкүн.