«Азаттыктын» соту: Эксперт кастык же пропаганданы аныктай албай турганын мойнуна алды

26-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалы тууралуу видеоматериалдан улам «Азаттыктын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу боюнча доо арызы каралды.

«Азаттыкка» каршы доо арыз берүүгө «Настоящее время. Азия» берүүсүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы чыгарылышы себеп болгон. Дал ушундан улам, «Азаттыктын» сайты белгисиз мөөнөткө бөгөттөлүп отурат. Бул чыгарылышты лингвист Жийде Семёнова изилдеген.

Сот башталганга чейин ал журналисттерге маек берип, доо арыз берүүгө себеп болгон видеоматериалды жалгыз экспертиза кылганын айтты.

Сот отурумунда Семёновага эки суроо берилди: материалда улуттар аралык кастыкты козутуу жана согушту пропагандалоонун лингвистикалык белгилери барбы?

Адисттер «материалда Кыргыз Республикасына карата терс мүнөздүү лингвистикалык белгилер бар» деп айтышты. Бирок, Семёнова бул материалдан улуттар аралык кастыкты же пропаганданы аныктоого так жооп бере албасын айтып, ал үчүн юридикалык баа керек деп билдирди.

«Материал маалыматтык мүнөздө болуп, автор эки тараптан интервью алган. Андыктан лингвист мында пропаганданы аныктай албайт», — деп айтты ал.

«Азаттыктын» кызыкчылыгын коргогон адвокат Тимур Султанов эксперттен эгер бул анын компетенттүүлүгүнө кирбеген болсо, анда эмне үчүн материалды артка кайтарбаганын сурады. Семёнова «эксперттик демилге көрсөткөнүн» жана мыйзамга ылайык, изилдөөнүн негизинде жыйынтык чыгарууга укуктуу экенин айтты.

Андан соң сот тараптар ортосунда жарыш сөз жарыялады, бирок «Азаттыктын» адвокаттары Маданият министрлигин доо арызы боюнча өз позициясын жазуу түрүндө негиздөө үчүн соттон убакыт сурашты.

Ал эми министрликтин өкүлдөрү сөз алып, «Настоящее время. Азиянын» видеоматериалы эки өлкө ортосундагы маалыматтык согушту козгогон деп билдиришти.

«Материал азыр да өчүрүлгөн жок, ачык эле көрсөтүлүп жатат», — деп билдирди ведомствонун өкүлү.

Маданият министрлиги соттон видеоматериалга укуктук баа берүүнү, ошондой эле бул материал качан таратылганын жана доо арызды толук бойдон канааттандырып берүүсүн суранды.

Жыйынтыгында сот кийинки отурумду 27-апрелге дайындады.

«Азаттыкка» каршы доо арыз

2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Азаттык Медианын» аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Настоящее время» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.