Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстандын борбор калаасы Бишкектин түптөлгөнүнө 145 жыл болду. Шаар алгач Пишпек деп аталса, советтер мезгилинде Фрунзе, эгемендик алганда Бишкек деп өзгөртүлгөн.

«Клооп» борбор калаанын алгачкы түптөлгөн мезгилине жана кандай өзгөрүүлөргө учураганына кызыгып, шаардын буга чейинки көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөрдү топтоду.

Пишпек 1878-жылы 29-апрелде шаар макамына ээ болгон.Ошондон тарта орус падышалыгы шаарды атайын план менен курууга киришип, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият мекемелеринин имараттары түшө баштаган.

Судейский менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде (азыркы Фрунзе жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши) жайгашкан дарыкана. Пишпек, 1890-жыл.

Калктуу конушка Орусия, Кытай жана Өзбекстандан дыйкандар, кол өнөрчүлөр менен көпөстөр көчүп келип, жергиликтүү кыргыздар борбор калаага отурукташа баштаган.

Илимпоз Алексей Фетисовдун жемиш бак өстүрүүчү питомниги. Пишпек, 1898-жыл

Кийин калаада археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, заводдор курулуп, Пишпек административдик, аскердик жана маданий борборго айланган.

Пишпектеги чайхана. 1911-жыл.

Ал эми 1917-жылы Орус падышачылыгындагы Октябрь революциясынан кийин Пишпек кеңеши түзүлүп, Бобордук Советтик бийликти таануу жөнүндө токтому кабыл алынган.

Пишпектин эски аянты. Жергиликтүү тургундардын күчү менен шаардын аймагы болушунча жашылдандырылган.

Пишпек 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, 1926-жылдын февралында Кыргыз АССРнин борбору болгон. Бирок ошол эле жылдын майында калаанын аталышы Фрунзе деп өзгөртүлгөн.

Фрунзе шаарынын борбордук аянты, 1-май Эмгек майрамын белгилөө учуру. 1929-жыл.

Кыргыз ССРнин өкмөт үйү 30-жылдардагы эң ири коомдук курулуштун бири болгон. Анын долбоорун архитектор Юрий Дубов иштеп чыккан. Имарат үч жылда курулуп бүтүп, 1936-жылы Октябрь революциясынын 19 жылдыгына карата пайдаланууга берилген.

Калаадагы «Ата-Тоо» кинотеатры 1938-жылы Владимир Калмыковдун долбоору боюнча курулган. 30-жылдары 600 орундук кинотеатрдын ачылышы (кийинчерээк 500 жана 200 орундук эки залга бөлүнгөн) шаардыктар үчүн чоң окуя болгон. Ага 1981-жылы ага Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын эстелиги статусу ыйгарылган.

Мурдагы Бишкек шаардык аткаруу комитетинин, азыркы мэриянын имараты алгачкы коомдук архитектуралык ансамблдин бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал архитектор Павел Ивановдун долбоору боюнча 1957-жылы курулган.

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы 1940-жылдарга таандык имарат. Спорт сарайдын долбоорун «Союзспортпроект» институтунун архитекторлору В.Маруков жана Н.Костин аттуу архитекторлор чийген. Ал эми Кожомкул баатырдын эстелиги 2000-жылы эле орнотулган.

Спорт сарайы. 1970-жылдар.

Кыргыз мамлекеттик цирки 1976-жылы архитекторлор Анатолий Нежурин, Л.Сегал жана И.Щадриндин долбоорунун негизинде курулган. Имараттын баш жагы тегерете жасалып, диаметри 70 метрден ашыгыраак. Анын узундугу 20 метрден көбүрөөк жана 140 темир-бетон секциялардан куралып жасалган.

Цирктин курулушу. 1970-жылдар.

Мамлекеттик филармониянын азыркы имараты 1981-жылы курулган. Анын чоң залы 1108 орунга, кичи залы 314 орунга ылайыкташкан. 

Филармония. 1985-жыл.

Борбордук «Ала-Тоо» аянттынын 1983-1984-жылдары оңдолгон жаңы бөлүгү. Учурунда Ленин атындагы аянтта Өкмөт үйү ("Ак үй"), Ленин музейи (Мамлекеттик тарых музейи), Элдин достугу үйү жана боз үйдүн формасына окшогон куполу бар Агропромдун имараты жайгашкан.

 «Ала-Тоо» аянтты 1984-жыл.

Азыркы парламент отурган Ак үйдүн имараты 1984-жылы колдонууга берилген. Долбоорун архитекторлор Рафгат Мухамадиев менен Урмат Алымкулов иштеп чыккан.

Ала-Тоо аянты жана Ак үй. 1987-жыл.

Правда көчөсү. 1980-жылдар. Сүрөт: Александр Фёдоров.

Сүрөттөр Кино-фото-фоно-документтердин борбордук архиви, Кыргызстандын архитекторлор союзу жана башка ачык булактардан алынды.