Орусияда өткөн аскердик параддарга чет элдик лидерлерлин катышуусу дайыма Москваны колдоонун символу жана орус өлкөсү менен союздук мамиленин белгиси болуп келген. Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинага бастырып киргенден кийин, Кызыл аянтка тизилген Орусиянын аскердик техникасына көз салуудан тилектештеш деген лидерлер дагы баш тартканы таң калыштуу деле эмес. Бирок Садыр Жапаров алардын катарында эмес — 2023-жылы 9-майда путинчил параддагы жалгыз чет элдик конок Кыргызстандын президенти болмокчу.
«Клооптун» журналистти Борбор Азия боюнча эксперт, саясат талдоочу Аркадий Дубнов менен маектешип, Москвадагы парадка Садыр Жапаровдун чакырылганы өлкө башчысы жана Кыргызстан үчүн эмнени каңкуулайти деген маселени талкуулады.
— Кандай ойлойсуз, эмне себептен Москвада өтүүчү парадка чакырылган жалгыз конок Садыр Жапаров болуп калды? Казакстан же Өзбекстандан айырмаланып Кыргызстан керек болсо Орусия менен аралыкты сактоого аракет да кылбай, Борбор Азиядагы Беларус болгусу келип жатабы?
— Садыр Жапаров баш тарта албай турган сунуш алды. Кыргызстандын президентинин саясий салмагы Казакстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары категорияга кирбейт.
Кремль 9-майда парадда чет өлкөлүк конок болуусун каалайт. Албетте, Батыштын же ири өлкөлөрдүн лидерлеринин эч кимиси Москванын мындай сунушуна оң жооп бербей турганы турган иш. Мындай шартта сунушуна терс жооп алгандан көрө кайрылбай эле койгонду туура көрүшөт.
Мындан 15 жыл мурда Путин тамаша-чыны аралаш, Махатма Гандиден кийин эч ким менен сүйлөшө албай калганын, дүйнөлүк лидерлер ушунчалык кунарсыз болуп калганын, кызыксыз деп айтканы бар. Бир канча жыл мурун Гандинин ролун Молдованын ошол кездеги президенти Игорь Додон аткарчу. Ал кезде Додонго Москванын колдоосу керек болчу, анткени шайлоого даярданып жүргөн.
Ошол кезде, 2017-жылы Москвадагы Жеңиш парадында катышкан жалгыз чет өлкөлүк конок дагы Додон болгон. Телевидениеден Путин Молдованын президененти менен жылуу баарлашканын көрсөтүп турган. Ушундай эле сый, мындайча айтканда, Садыр Жапаровго дагы камдалып жатат.
Беларус — бул постсоветтик аймактагы славян дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Беларус Орусия менен эң жакын мамлекеттик союзга кирет. Орусия менен Беларус биргелешкен бирдиктүү коргонуу аймагын түзүүгө аракет кылып келет. Беларус өзүнүн аймагына Орусиянын көзөмөлү менен өзөктүк курал жайгаштырууга дагы даяр.
Беларус бүгүн — Орусиянын постсоветтик мейкиндиктин батыш чек араларындагы эң жакын вассалы. Бактыга жараша, Кыргызстан Орусиянын ушунчалык ишенимдүү тилектеши же жакын союздашы болууга талапкер эмес же андайга даяр дагы эмес. Кыргызстандын ролу башка — бул өлкөнүн багыты Орусия менен байланышка басым жасайт. Кыргызстанда мурда орус тили өтө кеңири жайылганына өзүм күбө болгом. Ал эми бүгүнкү жаштар орус тилин канчалык колдонуп, талап канчалык экенин айта албайм.
Бирок Кыргызстан бүткүл Евразия мейкиндигинде болбосо да, Борбор Азиядагы орусташкан өлкө. Москва үчүн Бишкек багытын өзгөртпөйт деген ишеним жетиштүү. Ал үчүн Москва акыркы убакта, айрыкча Орусиянын Украинанын аймагындагы аскердик аракеттеринин шартында өзгөчө күч жумшап жатат.
КМШ жана Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан дагы «атайын аскердик операцияны»* ачык колдогон жок. Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин, Орусия душман деп атаган батыш өлкөлөрү менен ымаласын так сактап келе жатат. Бул багыттан алганда Кыргызстан саясий мамиледе эркиндигин сактап жатат, демек өлкөнү Беларус кылам деген куру убара — андай болбойт.
—Сиздин оюңузча Жапаров менен Путин 9-майда эмне тууралуу сүйлөшөт? Жапаров Путинден, Путин Жапаровдон эмне күтөт?
— Темалар көп эле болушу мүмкүн, мисалы Жапаров Путинди кызыктырган Тажикстан менен чек ара жаңжалын жөнгө салуу боюнча кенен айтып берсе болот. Анткени жакшы иш болгон жок: ЖККУга мүчө эки өлкө бир пикирге келе албай жатат. Орусиянын жардам бере турган чамасы деле жок. Көп болсо эки тарапка тең ыңгайсыз боло турган, ар кайсы мезгилдерде чийилген карталарды бериши мүмкүн.
Албетте, Путин «атайын аскердик операция» кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат менен бөлүшөт жана мүмкүн Жапаров тараптан колдоо белгилерин да күтүшү ыктымал.
Путин АКШнын басымынан улам Кыргызстанга көңүл айтышы деле турган иш. Анткени батыш антиорусиялык санкцияларды Кыргызстандын жардамы менен буйтап өтүүнү көздөп жатат деп ойлойт. Бул окуялар АКШнын каржы министринин жардамчысы Бишкекке санкциялардан буйтап өтүүгө жол бербөнү эскерткени келген сапарына туш келди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан Орусияга кеткен импортту жеткирүүгө колдонулуп жатат, бул АКШ үчүн жол берилгис нерсе. Менин оюнча Путин АКШнын бул басымына Бишкек кантип жооп берерине кызыгат.
Өз кезегинде Кыргызстандын президенти, тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу Москвага барганда окуучунун ролунда болуп калышы ыктымал. Анан ага «өзүн кантип алып жүрүүнү» үйрөтүшөт, балким. Ушул көз караштан алып караганда, бул жолугушуунун аягы эмне менен бүтөрү кызык.
— Жапаров Орусияга барат дегенде Орусия басымын ансайын күчөттү. Мисалы, сүттүн импортун токтотту. Москва ушундай кадамы менен Кыргызстандан эмнени талап кылгысы келет? Балким Бишкекти санкциялардан буйтоону кеңейтүүгө көндүрүп жатабы?
— Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды импорттоого тыюу салууну Москва өнөктөшүнө куру дүрмөт түтөткөнү катары бааладым. Эсиңиздерде болсо, бир канча убакыт мурда, мындайды Орусияда мурдагы башкы санитардык врач Геннадий Онищенко колдонуп келген. Ал саясый абал чыңалган сайын, «учурду колдон чыгарбай», Түркияны жазалап, түрк помидорунан кандайдыр бир исиркек таап импортко тыюу салып атып аты чыккан. Ушундай эле окуя Польшанын алмаларыга тиешелүү. Бул Орусияда мурда эле кабыл алынган тактика жана бул орус мамлекети кайсы гана өлкө болбосун «дос эмес» саясатты көз жаздымда калтырбайт дегенди түшүндүрөт.
Бүгүнкү күндө бул АКШ санкция салган товарларды Кыргызстан аркылуу импорттоону токтотуу талабына моюн сунууга мажбур боло туруган Кыргызстанга колдонулуп жатат.
— Жакында эле Жапаров Кыргызстанга социалдык турак жай куруу программасы үчүн 100 млн доллар бөлгөн Сауд Аравиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жок эле дегенде, Кыргызстандын тышкы саясаты азырынча көп векторлуу экенин көрсөтүп турат. Орусия менен жакындашуу мындан ары көп векторлуу саясатка чекит койбос бекен?
— Кыргызстан менен Орусиянын мындан аркы жакындашусу тууралуу сөз кылуу күлкүлүү, анткени — мындан да жакын болобу? Москваны көп векторлуу саясаттын өзү эмес, Кыргызстан менен мамиле курууга аракет кылган өнөктөштөрү кыжырдантып жатат.
Москваны кыжырданта турган негизги нерсе — бул бүгүнкү күнү Орусияга касын тиккен мамлекеттер менен, биринчи кезекте Москвада көп айтылган «англосак» өлкөлөрү менен олуттуу мамиле түзүү.
— Буга чейин Кыргызстанды Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө аянтча болбоого чакырган батыш Жапаровдун Москвадагы солосуна кандай реакция кылат деп деп ойлойсуз?
— Батыш өлкөлөрүнүн реакциясы бул жолугушуунун жыйынтыгы коомчулукка кандайча чагылдырылат, ошого жараша болот. Жапаров Путинге Кыргызстан өзүнүн ички иштерине кийгилишүүгө жол бербеген суверендүү мамлекет катары алып жүрөт деген убада берсе анда буга бир реакция болот жеп такыр болбойт.
Эгер АКШнын пайдасына эмес болгон ачык билдирүү болсо, анда Батыш тараптан дагы терс мүнөздүү билдирүүлөрү болушу мүмкүн.
Эгер АКШнын пайдасына эмес болгон ачык билдирүү болсо, анда Бишкек ал жактан Вашингтон менен Кыргызстан үчүн кызматташууну кескин кыскартуу тууралуу чакырыктарды алышы мүмкүн.
*Орусия бийлиги Украинага болгон толук масштаптагы кол салууну согуш эмес, аскердик атайын операция деп атап келет.