Нарын: Калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал жандыгы менен жайлоодон кайтып келе албай жатат

Нарын облусунда калың жааган кардан улам жайлоодон кайтып келе албай жаткан беш үй-бүлөгө жардам берүү үчүн иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу 3-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тургундар үстүбүздөгү жылы 2-май күнү саат 22:35те Байгончок айылынын тургунуна телефон аркылуу байланышып, Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жана 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калганын билдиришкен.

Ошондой эле алар каттаган Мелис ашуусу жабылып калганын айтып, өзүлөрүнүн тамак-ашы жетиштүү экенин, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгонуна байланыштуу жардам сурап кайрылышкан.

Ошол эле түнү ӨКМдин кызматкерлери Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн барып, бирок ашуудан өтө албай кайра кайтышкан.

Министрликтен учурда ыкчам топ ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгын жетекчилигинде иш жүргүзүлүп жатканын, кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Автору: Бурулсун Жумалиева