Сүрөт: Ак карлуу тоо менен жашыл Бишкек фотограф Николай Гладковдун көзү менен

Фотограф жана блогер Николай Гладков ак карлуу тоолордун кучагындагы Бишкектин сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдү фотограф Инстаграмдагы барагына чыгарды.

«Эх ушул ак карлуу тоолор менен жашыл Бишкектин айкалышы. Мен Инстаграмда катуу тараган кышкы кадрларымды кайталайм. Бул сүрөттөр кандай реакция жана кызыгуу жаратарын байкайлы», — деп жазды ал сүрөттөрүнүн алдына.

Комментарийлерде соцтүйүн колдонуучулары тоолордун алптыгына жана анын алдында шаар канчалык кенедей көрүнүп каларына суктанышкан.
Гладковдун айтымында, сүрөттөр дрон менен тартылган.