Go Viral Osh фестивалында English Апакенин күйөрмандары ага суроолорду узатып, кызыктуу маек курушту.

28-29-апрелде Ош шаарында алгачкы жолу Go Viral фестивалы өттү. Иш-чарага IT, медиа, бизнес жана маданият тармагындагы алдыңкы адистер чогулуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Спикерлердин арасында англис тилин онлайн окуткан Барчынай да болду.

Барчынай English Apake аты менен белгилүү, айылдагы күнүмдүк жумуштарын жасаганча соцтармактардан англис тилин үйрөтөт. Ал «Клоопко» кенен маек куруп, кантип элеттен тил үйрөткөн блогер болуп калганын айтып берди.

«Англис тилин 2-класстан окуп баштагам»

Барчынай Өмарбек кызы 31 жашта. Өзү Кара-Суу районунда төрөлүп, учурда Өзгөн районунда жашайт. Анын айтымында, англис тилине болгон кызыгуусу жаш кезинен эле пайда болгон. Барчынай буга «атамдын китепкөйлүгү түрткү болгон» дейт.


«Англис тили биздин айылда 1 же 2-класстан баштап эле кирген. Ошол кезде мен мектептен англис тили китебин баштыгыма батпай колума кысып үйгө алып келсем атам чыгып “аа кызым китеп алдыңбы, бул англис тили да, үйрөнүшүң керек” деп китепке ушунчалык суктанып карап, барактап турганы алигиче көз алдыман кетпейт. Атам өзү китепкөй, китеп окуганды жакшы көрөт. Атамдын ошол китепке болгон реакциясы ошондо эле англис тилин үйрөнөм деп максат коюума түрткү болгон. Ошол кезден тарта эле окуп келем»


Барчынай өзү кызыккан тилди жогорку окуу жайдан үйрөнүп, аны артыкчылык менен аяктаган. Студент кезинде эле Оштогу мектептердин биринде иштей баштаган. Кийинчерээк бүлө куруп, шартка байланыштуу жолдошу менен бирге миграцияга жөнөп кеткен.

Өмарбек кызы ал арада үч баланын энеси болуп, үйдө отуруп калган. Ал өз кесиби менен иштебей, күндөрүнүн окшош өткөнү кыйын болгонун жашырбайт.

Блогерликке карай жол

Миграциядагы күндөрүнүн биринде Барчынай уулу менен дарыканага кирип, ал жерде сатуучу кызга сөзүн түшүндүрө албай кыйналып турган чет элдик кишини жолуктурганын айтат. Ошол кезде үйрөнгөн билимин практикада колдонуп, кишиге жардам берген соң, англис тилин кайрадан күнүмдүк жашоосуна аралаштырууну чечкен.


«Ошол окуя мага өтө чоң шык берди. Мен бир адамга жардам бере алдым, демек көп адамга жардам бере алат экем деп кудуңдап, кубанып үйүмө кеттим. Ошондо англис тилине кайрадан кызыгып, кайрадан издене баштадым. Ошентип баш-отум менен англис тилине киришип кеттим»


Барчынай ошол күндөн тарта тынымсыз онлайн сабактарды көрүп, издене баштаган. Кийинчерээк өзүнө да англис тилин онлайн үйрөткөн блог ачуу идеясы келген.


«Үйдө отурганда эрте менен туруп короону шыпырып, идиш жууп, баланы карайсың… Бирок андан башка да максат болушу керек да. Мисалы иштеген адамдардын бир максаты бар. Ал эми үйдө отурган аялдарга кыйын, үйдөгү эле кайталанма тирилик менен күн өтөт. Ошол кезде кантип эле жашоо ушинтип өтүп кетет деп ойлоно берчүм. Ошол максатымды табуу үчүн аябай изденип, ушул блогумду алып барып баштадым»


Ага блогду алып барып баштоо оңойго турган эмес. Ал «келин» тууралуу мурдатан калыптанып калган стереотиптерден улам башында телефонго көп убакыт коротууга тартынганын айтат. Бирок ошого карабай блогун баштап, кийинчерээк кайын энеси жана жолдошу да аны колдогон.


«Алгачкы сабактарымды жашынып, уурданып тартып баштадым. Видеолорум чыга баштаганда комментарийлерди апама (кайын энесине) окуттум. Ал туура кабыл алып, жылуу сөздөрүн айтып, колдоду. Жолдошум жакшы телефон белек кылды. Анан мен өзүмдү ээн-эркин сезип, муну негизги жумушума айландыра баштадым. Эң негизгиси мен эрте менен турганда максатымды таптым. Чынында оңой болгон жок. 1-2 мүнөттүк эле видеонун артында өтө чоң мээнет бар. Бир видеону тартып жатсам балам ыйлап калат, телефонум кулап түшөт дегендей. Кыйла эле эмгек кылдым. Өзүмдү ыңгайлуу зонадан чыгарып, видеолорду тартып баштадым»


Ушул тапта Барчынайдын соцтармактарында миңдеген катталуучулары бар. Анын видеолорун а түгүл мугалимдер да көрүп шыктанып, мектептердеги ачык сабактарына идея алган учурлар кездешет.

English Апаке Go Viral Osh фестивалына катышып калганы ал үчүн өтө пайдалуу болгонун белгиледи. Анын айтымында, фестивалда АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуп, келечекте айылда тил курсун ачуу планын ишке ашыруу тууралуу баарлашкан.

Барчынай бул фестиваль өзүнө гана эмес, башка жаштарга да чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтат.


«Фестиваль өтө пайдалуу болду. Жаштарга бул жакта катышкан спикерлерге түздөн-түз барып визиткасын алып, кызматташууну, тажрыйбасын бөлүшүүнү сунуштоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү»


Go Viral Osh фестивалына жалпы миңден ашык адам катышты. Кызыккандар суроолоруна жооп алып, ар тармактагы адамдар бири-бири менен таанышышты. Аталган фестиваль Борбор Азия өлкөлөрүндө 2022-жылы өткөрүлүп баштаган. Иш-чаранын башкы максаты — жаштарга шык берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.