Ноокат: Мурдагы айыл өкмөт башчысы 10 жашар баланы пневматикалык курал менен атып алды

Иллюстративдик сүрөт: Томас Самсон / AFP

Ош облусундагы Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну 10 жашар баланы пневматикалык курал менен атып алды. Бул тууралуу 10-майда «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда Кызыл-Кыя шаардык милициясына Ноокат районунун Он-Эки Бел айылынын 10 жаштагы тургуну «үйүндө жыгылып», алган жараатынан улам аймактык ооруканага кайрылганы кабарланган.

Бирок алгачкы териштирүүдө жабырлануучу 1-май кечки саат 19:30 чамасында көчөдө ойноп жүргөндө 42 жаштагы коңшусу аны пневматикалык ок атуучу тир куралы менен «кокустан атып алып», Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барганы аныкталган. «Турмуш» басылмасы курал менен атып алган киши Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы болгонун жазды.

Ал эми 8-майда жабырлануучунун таенеси аталган окуя боюнча Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча териштирүү башталып, жарааттын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө уланып жатат.