Садыр Жапаров: Бизде орус тили болгон жана дайыма боло берет

Президент Садыр Жапаров 7-майда Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, «байыркы тарыхты коргоо» маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Мамдуманын басма сөз кызматынан билдиришти.

Володин аталган маселени талуулап жатканда азыркы кезде «жалпы тарыхка асылуу болуп жатат» жана Жапаровдун 9-майдын алдында Ржев мемориалына баруу чечими «ал [тарых] ишенимдүү колдо» экенин айгинелеп турат деп айтты.

Жапаров Володиндин оюн колдоп, Кыргызстандагы орус тилин коргоо саясатын улантуу маанилүү экенин кошумчалады.

«Мен президент жана адам укугунун жана эркиндигинин кепилдиги катары бул маселеде ар кандай манипуляцияларга чечкиндүү түрдө каршымын. Бизде орус тили болгон жана дайыма боло берет. Ал Конституцияда бекитилген», — деди президент.

Жапаров менен Володиндин жолугушуусу тууралуу пресс-релиз кыргыз президентинин сайтында дагы бар, бирок анда Жапаровдун орус тили жөнүндө айткандары жок.

Садыр Жапаров буга чейин да Кыргызстанда орус тилин колдогон сөздөрүн айткан.

Үстүбүздөгү жылдын март айында ал орус тилинин маселесинде «саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы» экенин билдирген. Бул тууралуу ал Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушууда айткан, ал жерде Жапаровго Орусия Кыргызстанда кура турган мектептердин долбоорлору көрсөтүлгөн болчу.

Ошондой эле ал Орусия тарапка Кыргызстанда «орус тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» ыраазычылык билдирген.

Мындан тышкары, 2021-жылдын январында Жапаров өлкөдө орус тилинин макамы «расмий бойдон» калат деп убада берген.