Кыргызстанда көпчүлүк башка өлкөлөрдө жок сөз эркиндиги бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Мындай сөз эркиндиги, көпчүлүк өлкөлөрдө, керек болсо коңшуларда дагы, аймакта дагы жок. Бирок маселе, ошол сөз эркиндигин биз кандай пайдаланып жатабыз, сөз эркиндиги менен катар ошол сүйлөнгөн сөздүн жоопкерчилигин ойлонуп жатабызбы, бул башка сөз», — деди ал.
Спикердин айтымында, сөз эркиндиги кыргыз парламентинде дагы бар.
«Бизде “парламентте эркиндик жок, демократия жок” дегендер бар. Мен айтат элем, каалагандай сүйлөп атат, каалагандай сындап атат, өзүбүздүн арабызда деле. Эгерде ушул жерде сөз берилбесе, айтылбаса, микрофонун өчүрүп туруп, сөзүн тыйып койсок, анда айтса болот эле. Каалаган учурда каалагандай сындашат. Бул фкт. Мына сөз эркиндиги, парламентте ачык демократия бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө, постсоветтик өлкөлөрдү айта турган болсок, Кыргызстандын парламентиндей дээрлик эркин парламент жок. Муну ачык айтышыбыз керек, бул дагы биздин кыргыз элибиздин бактысы. Ушул жерге эл шайлаган эл өкүлдөрү келип, ачуу-таттуу сөздөрдү коомчулукка, элге, трибунадан айтып атат, бул чоң жетишкендик», — деп эсептейт Шакиев.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги
2023-жылдын майында сөз эркиндигин коргогон «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «басма сөз эркиндигинин» дүйнөлүк рейтингин жарыялаган. Анда Кыргызстан өткөн жылга салыштырмалуу 50 сап артка жылып, 122-орунга түшкөн. 2022-жылдагы рейтинг боюнча өлкө 72-орунда болчу.
Уюмдун маалыматына ылайык, кыргыз бийлиги дагы деле бардык салттуу ЖМКны көзөмөлдөп, өз таасирин ЖМК аркылуу жайылтууга аракет кылып келет. Уюмдан саясий лидерлер ЖМКны өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн пайдаланышарын, ал эми мамлекет журналисттердин маалыматка болгон жеткиликтүүлүгүн чектеп жатканын белгилешти.
«Аткаминерлер акыркы жылдары цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарууга аракет кылып келишет. 2020-жылдагы натыйжасыз аракеттен кийин президент Садыр Жапаров 2021-жылы “жалган маалыматты” таратпоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам Конституцияны, ошондой эле эл аралык макулдашууларды бузуп, басма сөз эркиндигин чектейт», — деп белгиленген докладда.
Уюмдан ошондой эле чиновниктер чет өлкөдөн каржылык колдоо алган көз карандысыз ЖМКны «чет өлкөлүк тыңчы» деп таануу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу коркунучу бар экенин белгилешкен.
Мурдараак Human Rights Watch жана Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмдары өткөн жылга сөз эркиндиги менен адам укуктарынын абалына баа берип, Кыргызстанда сөз эркиндигине басым уланып жатканын белгилешкен. HRW пикиринде, «кыргыз бийлиги адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого убада бергенине карабастан, жылы бою “сын айткандарды” жана жарандык коомду басмырлоо жүрүп жатат».