«Жүз пайыздык кепилдик жок». Улуттук энергохолдингдин башчысы кышкы өчүрүүлөр боюнча

Улуттук энергохолдингдин башчысы Талайбек Байгазиев өлкөдө кыш мезгилинде электр энергиясы өчпөйт дегенге жүз пайыз кепилдик жок деп билдирди. Бул тууралуу ал 11-майда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.

«Эч кандай жүз пайыздык кепилдик жок. Бирок энергетиктер электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого аракет кылып жатышат. Эгер коңшу өлкөлөр менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер үзгүлтүкө учурабаса, биздин тармактар керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын 100% жапканга мүмкүндүк берет. Айрым түйүндөрдө гана чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бирок массалык түрдө маал-маалы менен өчүрүү планыбызда жок», — деди ал.

Ушул жылдын январында Кыргызстанда адаттан тыш сууктан улам электр энергиясы пландуу өчүрүлгөн. Бул тууралуу айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразылыгын байма-бай билдиришкен.

Бул нааразычылыкка жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштаган.

Бийлик сууктун түшүшү менен маал-маалы менен өчүрүү болбогонун, электр жарыгынын бир канча саатка жоктугун «түзөтүү чаралары» деп атаган.