Ош: Быйыл 2612 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон акча берилди

2023-жылы социалдык келишимдин негизинде Ош облусунда аз камсыз болгон 2612 үй-бүлөгө 100 миң сомдон акча каражаты берилди. Бул тууралуу 12-майда президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы аталган келишимдин негизинде 350 үй-бүлө акча каражат алган.

«Социалдык келишим» долбоору боюнча мал чарбачылыгы, тигүү, соода-сатык, дыйканчылык, калкты тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашырган үй-бүлөлөргө кайтарымсыз түрдө каражат берилет.

Бул келишим түзүлгөндөн соң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 3 жыл бою жөлөк пул ала алышпайт.

Келишимдин негизинде акчаны алган тарап аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам боюнча үч жылдан соң кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч бере алат.

Аталган долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Конституциялык сот: Мамлекет жашоо минимумунан төмөн эмес пенсия, жөлөк пул берүүнү кепилдөөгө милдеттүү эмес

Санарипке өтүү: Жөлөк пул алуу үчүн айрым документтерди чогултуу жеңилдеди