«Бакай Банк» санкция коркунучу турган шарттагы иши тууралуу билдирүү жасады

«Бакай Банк» Орусиянын Украинага кол салуусунан улам Кыргызстанга дагы таасир этиши мүмкүн болгон экинчи даражадагы санкциялардын коркунучу турган шарттагы иши тууралуу билдирүү жасады. Банктын билдирүүсүн Economist финансылык басылмасы таратты.

Билдирүүдө банк өзүнүн аброюн барктаарын жана иш жүргүзүү боюнча ар кандай айыптоолорго жооп берүүгө дайым даяр экени белгиленет.

Банк Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдобосун баса белгиледи. Бирок ошол эле учурда мекеме аларга бизнес катары таасир этип аткан согушка каршы санкциялар менен тыгыз байланыштагы Кыргызстан менен Орусиянын экономикаларынын ортосунда иштин эбин табуу кыйын болуп атканын моюнга алды.

«[Экономикалар] абдан тыгыз байланышкан, андан улам кандайдыр бир колдоо көрсөтпөй туруп бизден Орусия менен кандай гана болбосун экономикалык же товардык өз ара байланыштарыңардан баш тарткыла деген талаптар — бул арзан популизм, ал биздин республикабыздын экономикасынын кыйроосуна алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме «Бакай Банкка» карата санкцияларды киргизүү керек деген чакырык жасап, «кесин терс баа берип жаткандар республика кандай шартта жашап жаткандыгынын терең анализин жасабайт» деп белгиледи.

«Канчалык боорубуз ооруп, кайгыга ортоктош болсок дагы биз жөндөмдүү болуп, рыноктун муктаждыгын жабуу үчүн биринчи кезекте өз камыбызды көрүшүбүз керек, биз киреше таап, мамлекеттин казынасына акча алып келүү үчүн акыл калчап өнүгүп-өсүүгө милдеттүүбүз. Киреше канчалык көп болсо — казынага кошкон салымыбыз ошончо чоң болот», — деп түшүндүрдү банк.

Банк эгер Кыргызстандын бийлиги өзүнүн ири соода өнөктөшүнүн бири менен мамилени үзүү боюнча эрктүү чечимге бара турган болсо, анда «республиканын экономикасы заматта, бир нече күндө, эң көбү бир жуманын ичинде кыйроого учурайт» деп кошумчалашты.

Мекеме Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчилерден болуп Орусиянын «Мир» карталарын тейлөөнү токтотконун эске салды. Ошондой эле банк Кыргызстандын да, башка өлкөлөрдүн да, анын ичинде Орусиянын дагы жарандарына аралыктан болсо да VISA карталарын бербей жатканын белгиледи.

Өткөн жылдын аягында «Клооптун» журналисттери Телеграм мессенжеринде Украинаны бастырып киргени үчүн Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүү үчүн орусиялыктарга кыргыз банктарынан аралыктан туруп эсеп ачуу берүү кызматын сунуштаган чатты аныкташкан. Картасын аралыктан туруп алууга мүмкүн болгон банктардын арасында «Бакай Банк» дагы болгон.

Ошондой эле «Бакай Банк» билдирүүсүндө Американын соода палатасынын активдүү мүчөсү экенин жана санкциялык иш-чаралардын шарттарынын сакталышына көңүл бурган Американын бардык өкмөттүк/көзөмөл түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен консультативдик жолугушуулардын баарына катышканын белгиледи.

«Бирок бул маселе боюнча көмөктөшүү жана консультациялар үчүн батыштан тескөө киргизилсин деген түз сунуш болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иш-аракет жасалбаганын белгилеп коюуга аргасызбыз, бул таң калычтуу: себеп жегенде жергиликтүү бизнес, биздин банк гана эмес, финансылык сектор дагы кызматташууга даярдыгын көрсөтүп жатат, бирок бул багытта кызматташтыкты уюштуруу боюнча реалдуу иш-чаралар азырынча боло элек», — дейт банк.

Экинчи даражадагы санкциялар

АКШ жана анын өнөктөштөрү 2022-жылдын февралында Украинага кол салган Орусияны колдогон дүйнөдөгү ар башка компанияларга карата экономикалык санцияларды киргизип келет.

Буга чейин ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Орусияга карата санкциялар боюнча билдирүү жасап, Орусияга карата чектөөлөрдү колдобой жаткан өлкөлөр санкцияларды кыйгап өткөн платформа болбошу керек деп билдирген.

ЕБдин эскертүүсүнө карабастан Кыргызстан Орусия менен негизги тармактар боюнча тыгыз кызматташып, соода-сатыкты активдүү жүргүзүп жатат.

19-майда АКШ Кыргызстандын «Тро, Я» (Tro.Ya, LLC) компаниясына Орусиянын аскер күчтөрүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн санкция салганы белгилүү болгон. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, негиздөөчүсү жана жетекчиси — Хилоу Насер Ишарович. Фирманын өзү Чүй облусунун Токмок шаарында катталган.

Компаниянын сайтында ишкана электрондук компонентерди, өндүрүштүк автоматиканы, навигациялык жабдууларды жана телекоммуникация үчүн компоненттерди ташуу менен алектенери айтылат.

Бул Орусия Украинага кол салгандан бери кыргыз компаниясы АКШнын санкциясына кабылган биринчи учур болду.