Кемпир-Абад иши: ИИМ 12 айыпталуучунун мүлкүн камакка алууну суранды

ИИМдин Тергөө кызматы Кемпир-Абад ишинин 12 фигурантынын мүлкүн камакка алууну суранды. Бул тууралуу абактагы укук коргоочу Рита Карасартованын Фейсбук барагына чыккан катта айтылат.

Карасартова Тергөө кызматы камактагыларды кабардар кылуу үчүн ТИЗО-1дин башчысына кат жөнөткөнүн билдирди. Укук коргоочу барагына каттын сүрөтүн кошо тиркеп чыгарды.

«Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Биринчи май райондун тергөөчү судьясына айыпталуучулардын кыймылдуу жана кыймызсыз мүлктөрүн камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирилген токтом чыгарылды», — деп айтылат ИИМдин катында.

ИИМдин Тергөө кызматынын Кемпир-Абад ишинин 12 фигурантынын мүлкүн камакка алуу өтүнүчү келтирилген каты. Сүрөт: Рита Карасартова

ИИМ Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Илгиз Шаменов, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудовдун мүлктөрүн камакка алууну суранууда.

ИИМдин басма сөз кызматы айыпталуучулардын мүлкүн камакка алууга байланышкан жагдайга тергөөнүн кызыкчылыгына таянып, эч бир комментарий бере алышпасын айтышты.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.