Орусиянын «чет элдик тыңчысына» окшош. Коммерциялык эмес уюмдар мыйзамына түзөтүүлөр сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташты. Түзөтүүлөр Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.

Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты киргизди. Арасында аткаруу бийлигин ар дайымкы тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын башчысынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов алып чыгышты.  

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде учурда өлкөдө 18 500 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм катталганы айтылат. Демилгечилер алардын баары эле өз иштерин уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык жүзөгө ашырбайт дешет. 

«Алардын олуттуу көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарындагы ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушуп, өлкөдө саясий акцияларды уюштурууну жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышышууда», — деп айтылат документте.

Ошондуктан депутаттар коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн мүмкүн болушунча, алардын толук жабылышына чейин жөнгө салууну сунуштап жатышат.

Чет элдиктер жана «чет элдик өкүлдөр»

Мыйзам долбоору жеке менчик коммерциялык эмес уюмдарды эки топко бөлөт — чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана Кыргызстанда түзүлүп чет өлкөдөн жардам алган коммерциялык эмес уюмдар. Ошол эле учурда, экинчилерине мамиле кыйла каталыраак.

Документ дээрлик толугу менен Орусиянын чет элдик тыңчылар жөнүндөгү репрессивдик мыйзамын кайталайт. Чынында, демилгечилер анын «чет элдик тыңчы» деген сөзүн көчүрүп алуудан тартынган өңдөнөт. Алар Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга «Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Мындай уюм деп Кыргызстанда түзүлүп, каражат жана башка мүлктөрдү чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттин жарандарынан алган уюм таанылат. 

Андай уюмга таандыктыктын дагы бир критерийи — анын «чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге» катышуусу.  

Мында, эгерде ал Кыргызстандын аймагында мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө багытталган, алардын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса саясий ишке катышкан коммерциялык эмес уюм болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, дене тарбия жана спортту пропагандалоо жана кайрымдуулук саясий ишке кирбейт.

Ишмердүүлүккө дал келбеген отчёттор 

Депутаттар коммерциялык эмес уюмдарды ушунчалык тез-тез жана кеңири отчёт берип турууга мажбур кылгысы келгендиктен бул дагы кандайдыр бир башка иш менен айкалышпайт. Ошол эле учурда, эгер Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жылына бир жолу отчёт берсе, жергиликтүүлөрү жарым жылда бир жолу берет. 

«Коммерциялык эмес уюм өзүнүн иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жана салык органдарына, уюштуруучуларга жана башка жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтерине ылайык берет», — деп айтылат документте.

Ал кайсы орган экени такталган эмес. Балким, ал Орусиядагыдай Юстиция министрлиги болушу мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен Коммерциялык эмес уюмдарды ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши, жетекчи органдарынын жеке курамы, акча каражаттарын чыгымдоонун максаттары, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынган каражаттар жөнүндө маалыматтар камтылган отчёт жана документтерди берип турууга милдеттендирүү сунушталууда. 

Ошол эле учурда Чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар жогоруда айтылган талаптар менен кошо аудитордук корутундуну дагы берип турушу керек. Ал эми аудиторлук ыйгарымга ким ээ болорун Министрлер кабинети аныктайт. Орусияда ушул сыяктуу аудит үчүн Коммерциялык эмес уюмдардан 500 миң рублга чейин алынат.

Чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк булактардан алынган мүлк же акча каражаттардын иш жүзүндө чыгымдалышы жана пайдаланылышы тууралуу дагы отчёт берип турушу керек.
 
Коммерциялык эмес уюмдун кирешесинин көлөмү жана түзүмү, мүлкүнүн көлөмү жана курамы, чыгымдары, кызматкерлердин саны жана курамы, анын ичинде алардын эмгек акылары тууралуу маалыматтын баары коммерциялык сыр болбой калат. Анткени мыйзамда ушундай сунуш келтирилген. 

Мындан тышкары, Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жарым жылда бир жолу өз иши тууралуу, анын ичинде өзүнүн негиздөөчүлөрү, мүлкүнүн курамы, каржы булактары жана акча каражаттарын кайда сарптаганы тууралуу ЖМКда отчёт жарыялап турушу керек.

Тыюу чегине жеткен көзөмөл

Азырынча аты атала элек «мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган», мыйзам долбооруна ылайык, төмөнкүлөргө укуктуу болот:

  • коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескемелөөчү документтерин суратып алууга; 
  • коммерциялык эмес уюмдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан, жана башка мамлекеттик көзөмөлгө алуу жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан маалыматтарды суратууга жана алууга; 
  • өз өкүлдөрүн коммерциялык эмес уюм тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө; 
  • коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча , анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарына ылайыктуулугун текшерүүлөрдү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүүгө; 
  • мыйзамдарды бузуулар табылган же коммерциялык эмес уюм же анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга каршы келүүчү иш-аракеттер жасалган учурда, жол берилген бузууну жана аны четтетүүнүн бир айдан кем эмести түзгөн мөөнөтүн көрсөтүү менен, ага жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө. Коммерциялык эмес уюмга чыгарылган эскертүүгө жогору турган органга же соттко даттанылышы мүмкүн; 
  • өзүнүн чечими менен, өзүн «Чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюмдун» реестрине киргизүү жөнүндө арыз бербеген «Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдун» ишин алты айдан көп эмес мөөнөткө токтото турууга.

Коммерциялык эмес уюмдун иши токтотулса, чарбалык иштер жана эмгек келишимдери, анын иш-аракеттери менен келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча эсептешүүлөрдү, салыктарды, жыйымдарды жана айып пулдарды төлөөнү кошпогондо, ага банктык салымдарды пайдаланууга тыюу салынат.

Жаза келтеги

Дагы бир түзөтүүнү депутаттар өлкөнүн Жазык кодексине киргизүүнү каалашат — Коммерциялык эмес уюмда иштөө үчүн жазык куугунтугуна кабылып калуу мүмкүн. 

Киргизүү сунушталып жаткан Жазык кодексинин жаңы беренесинде иши «жарандардын үстүнөн зомбулук кылуу менен же алардын саламаттыгына башка залал келтирүү менен же болбосо жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы жосундарды жасоого козутуу» менен коштолгон бирикме, коммерциялык эмес уюм же болбосо Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмду түзүү үчүн айып пул салуу сунушталууда.

Андай мыйзам бузуу үчүн айыптын өлчөмү — 50 миңден 100 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Андай уюмдардын ишине жигердүү катышуу үчүн 100 миңден 200 миң сомго чейинки айып салуу менен же он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталууда.

Ошол эле кезде «жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы жосундарды жасоого козутуу» деген туюндурманын өзүн Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн мүмкүн болушунча кеңири чечмелеп, эмне гана болбосун кылмышка такап коюуга жол берет.

Мыйзам долбооруна ылайык, «Конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо, мамлекеттик коргоону жана коопсуздукту, адеп-ахлакты, саламаттыкты, укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылуу үчүн» Коммерциялык эмес уюмга каражаттарын жана башка мүлкүн белгилүү бир алуучуларга өткөрүп берүүгө тыюу чыгарылышы мүмкүн.

Орусиянын тажрыйбасы мындай жагдайларда коммерциялык эмес уюмдардын эки эле жолу калаарын көрсөтүп турат — ишмердүүлүгүн толугу менен токтотуу же чет өлкөгө эвакуация.