УКМК Дары-дармек департаментинин башчысы Айнура Абалиеваны коррупцияга шектеп кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Айнура Абалиеваны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. УКМКнын басма сөз кызматы аткаминер коррупцияга шектелип жатканын билдирди.

Абалиеваны кармоо. Сүрөт:УКМК

«Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Абалиева тарабынан уюштурулган белгиленген тартипти бузуу менен дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө чагылдырылган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду», — деп билдиришти УКМКдан.

Абалиеванын кеңсесин тинтүү. Сүрөт: УКМК

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Абалиева кол алдында иштегендер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан пара алып турган. Ошол эле учурда, УКМКдан белгилешкендей, иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес же ал формалдуу түрдө гана болгон.

Пара алуу. Сүрөт: УКМК

«Жооптуу адамдардын мындай аракеттери сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратат жана өлкөнүн калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Айнура Абалиева мекеменин башчылык кызматын 2022-жылдын ноябрынан тартып, Нурдин Кагаздиев иштен кеткенден кийин аркалай баштаган. Андан бир ай мурда УКМК анын кол алдында иштегендерди, департаменттин директорунун орун бсары Б.К. жана башкармалыктын начальниги Т.И. кармаган.

Алар дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз кайра каттоо жана сертификациялоо менен алектенип, сапатсыз дары-дармектерди андан ары республиканын аймагына импорттоп турушканы айтылган.

Автору: Аделя Жуманалиева