Депутат Осмонов кыргызстандыктар күлбөй калганын айтып, ЖМКны позитив жазууга чакырды

Депутат Айбек Осмонов өлкөдө ЖМК терс жаңылыктарды көп жазгандыктан кыргызстандыктар күлбөй калды деп эсептейт. Бул тууралуу ал 26-майда парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жыйынында айтты. Жыйында ЖМК тууралуу жаңы иштелип чыгып жаткан мыйзамга байланыштуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин азыркы абалы талкууланып жаткан.

Депутат өлкөдө «сөз эркиндиги чаржайыт» жана «билгени-билбегени деле терс мааламыттарды таратып жатат» деп нааразы болду.

«Кече мен өтө акылман кишини кабыл алдым. Ал биздин эл күлбөй калды деп айтты. Керек болсо концертте, башка коомдук жайларда да күлбөй калды дейт. Мурун биздин бала кезде андай эмес эле, азыр баары телефон карап калган дейт. Чындыгында соцтүйүндөрдө терс маалыматтар ушунчалык бат тарайт. […] Ошондуктан айтат элем, биздин ЖМКда абдан аралаш нерселер көбөйүп кетти. Журналистика жаатындагылар биригип, коомубузду жакшы жака бурушу керек. Качан карасаң чаап кетти, атып кетти, камап кетти деген эле нерселерди көрөбүз. Андай болбойт. Чындыгында элге ЖМКдан жакшы, элдин көңүлүн көтөрө турган жагымдуу нерселер тууралуу да айтсак болот», — деди Осмонов.

Ал Кыргызстанда айрымдар сөз эркиндигин кынаттык менен колдонот, ошондуктан «бардык жерде тартип керек» деп кошумчалады.

Депутаттар же чиновниктер ушуну менен ЖМКны жалаң гана негитивдүү маалымат жазат деп биринчи эле жолу айыптап жатышкан жок, мындай айтканда жоопкерчиликти журналисттерге оодарып келишет. Мунун баары цензура киргизип, ооз ачырбоо маданиятын күчөтүүгө окшошот.

Буга чейин Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров менен президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков журналисттерге туристтик сезондун алдында көбүрөөк позитив жазууну суранып кайрылышкан.

Ал арада Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болуп, жакырчылык менен жумушсуздуктун деңгээли чоң болуп турат.

Эл аралык республикалык институтунун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын көпчүлүгү өлкөдө баалардын кымбаттагын (65%), жумуштун жоктугун (57%) жана коррупцияны (53%) белгилешкен. Изилдөөгө 18 жаштан өйдө курактагы 1200 киши тандалып алынган. Институттун адистери сурамжылоого Кыргызстандын жети облусун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын камтыган.

Visual Capitalist маалыматтык порталынын талдоочулары Кыргызстанда 2023-жылдын аягында жумушсуздук 9%дык деңгээлди түзөрүн айтышкан. Бул расмий божомолдордон үч эсе жогору.

Ошондой эле Кыргызстанда акыркы кездерде бийлик тарабанын ЖМКга, сөз эркиндигине жана жарандык коомго карата басымынын жаңы толкуну байкалууда. Бийлик, эксперттердин пикиринде, ЖМК менен коммерциялык эмес уюмдарга каршы күрөштө мамлекетке курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантууда.