Академиянын профессору кыргыз тилин жактагандарды эмне үчүн «крокодил» дегенин түшүндүрдү

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова кыргыз тилин жактагандарды крокодилдер деп атады. Муну ал Орусияда өткөн «Валдай» клубунун Борбордук Азия боюнча үчүнчү конференциясында айткан.

Конференцияга ал Кыргызстандын өкүлү катары катышкан.

«Бүткүл Борбор Азия үчүн жооп бере албайм, бирок биз (Кыргызстан) Борбор Азияда орус тили Конституцияда расмий тил катары жазылган сейрек учурданбыз. Кыргызстандын аймагынын 90%ы “Спутниктин” көрсөтүүлөрүн көрөт. “Аргумент жана фактылар” гезиттеринин филиалдары [бар], орус тилинде жана кыргыз тилинде окуткан мектептердин саны паритеттүү. Биздин улуттук крокодилдерге жакпаса дагы жогорку окуу жайларда орус тилинде окутуу үстөмдүк кылат, ошондой эле басма продукциялар, гезиттер, менимче ⅔ орус тилинде. Анан албетте бардык каналдар», — деген ал.

Кийинчерээк Жоробекова кечирим сурап, жарандар анын сөздөрүнүн маанисин туура эмес түшүнүп алышканын билдирди.

«Кыргыз элинен, кыргыз калкынан менден бир ката кетсе, менин эң негизги максатым — кечирим сурайын дегем. [...] “Улуттук крокодил" деген бул бир улуттун кишилери эмес, тил жөнүндө эмес. Бул түшүнүк эксперттердин чөйрөсүндө коомчулукту козгогондорго колдонулат. Ал жерде Борбор Азиядагы орус тилдүү диаспоралардын абалы жөнүндө суроо болгон. Улуттук маселени көтөрүп, улут, дин арасына бүлүк салып, чагым кылып, ушул суроону козгогондорду "улуттук крокодил" деп атайт. Алар Кыргызстан дос эмес деген чагымчыл макаларды жазган орусиялыктар деле болушу мүмкүн», — деди ал.