Депутат Дастан Бекешев парламенттин 31-майдагы жыйынында коммерциялык эмес уюмдар (чет өлкөлүк тыңчылар жөнүндө мыйзам долбоору) жөнүндө мыйзам долбооруна сунушталып жаткан түзөтүүлөргө байланыштуу пикирин айтты.
Бекешев коммерциялык эмес уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы деп таануу «бүткүл коммерциялык эмес уюм тармагын жок кылат» деп белгиледи.
«Бул жумушсуздукка алып келет. Саясатка аралашпаган көптөгөн коммерциялык эмес уюмдар дагы жабылып калат. Мага кечээ эле бир эколог жазып, ар кандай уюмдардан, анын ичинде USAID’ден гранттарды алып жатканы үчүн жабылып калууга мажбур болорун айтты», — дейт эл өкүлү.
Депутат бул түзөтүүлөрдү демилгелеген 33 кесиптешине кайрылып, «бул мыйзам долбоорунун терс кесепеттери тууралуу дагы бир жолу ойлонуп чыгууну» суранды.
Бекешев сөзүнүн аягында өлкөнүн ички иштерине таасир этип аткан уюмдар менен күрөшүүнүн каражаттары ансыз да бар экенин белгиледи.
Кыргызстанда акыркы кездерде бийлик тарабанын ЖМКга, сөз эркиндигине жана жарандык коомго карата басымынын жаңы толкуну байкалууда. Бийлик, эксперттердин пикиринде, ЖМК менен коммерциялык эмес уюмдарга каршы күрөштө мамлекетке курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантууда.
Учурда «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдары жөнүндө» эки мыйзам долбоору коомдук талкуу баскычында турат. Анын бирин президенттин администрациясы, экинчисин парламенттин 33 депутатынан турган топ демилгелеген.
Эки долбоор тең бейөкмөт уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Депутаттар демилгелеп жаткан мыйзам долбоору такыр эле Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коёт. Эксперттер мыйзам долбоору адам укуктарын бузат деген тыянакка токтолушкан.
Ошондой эле президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору дагы коомдук талкууда турат. «Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун демилгечилери юристтер менен коомчулуктун сунуштарын эске албай жатканын айтышууда.