*Бул материал ЮНИСЕФ менен биргеликте даярдалды.
Эрте менен бети-колду жылуу сууга жууп, жылуу ажатканага баруу — XXI кылымда кадимки эле көрүнүштөй сезилгени менен көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жеткиликсиз. Айрыкча мындай шарттардын жоктугунан бул жагдайга эч кандай таасир эте албаган балдар жабыркашат.
Статистика комитетиндеги маалыматка караганда, Кыргызстандагы балдардын жарымынан көбү 17 жашка чейин «көп өлчөмдүү жакырчылыкта» чоңоюшат. Адамдардын тамак-аш сыяктуу негизги муктаждыктарын жаба албаган кадимки акча жакырчылыгына караганда «көп өлчөмдүү жакырчылык» — кеңири түшүнүк. Бул элдин акчадан сырткары сапаттуу медициналык тейлөөгө, билимге, жакшы тамак-ашка жана тийиштүү турак жайга мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтүп турат.
Көйгөйдү көрсөтүү үчүн биз статистиканын негизинде ар кайсы аймактардагы үч баланын жашоосун баяндайбыз. Үчөөнү алардын «көп өлчөмдүү жакырчылыкта» үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгончо ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканы бириктирет. Келгиле, алардын балалыгы кандай өтүп жатканы менен жакындан таанышабыз.
Төрөлүү жана жашоонун алгачкы жылдары
Актан Бишкектеги конуштардын биринде жашайт. Ал үй-бүлөдөгү тун перзент. Анын ата-энеси бир нече жыл мурда жакшы жашоо издеп Бишкекке келип, үнөмдөн жатып чакан үй курууга жетишкен.
Бала төрөлгөндө үй-бүлөсү каржы жагынан кыйналып, 2 жашына чейин Актандын балдар үчүн китеби же оюнчуктары болгон эмес. Ага 6 ай толгондо апасы атасына көмөктөшүү үчүн жумушка чыгып, наристени чоң энесине калтырган. Актанга чоңдордун мээрими жетпей калган.
Статистика боюнча өлкөдөгү балдардын 85%ынын үйүндө өнүктүрүүчү китептер, оюнчуктар жок. Ошондой эле аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт.
Ал эми Нарында төрөлгөн Маликенин бул жагынан бактысы бар. Ал кичине кезинен эжелеринен калган оюнчуктарды ойноп чоңойгон. Ошентсе да анын ата-энеси көп иштеп, аны менен жетиштүү убакыт өткөрүшкөн эмес.
Ал эми баткендик Мирландын көйгөйлөрү башкачараак. Анын ата-энесинин баланы жаштайынан өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес — анткени алардын үйүндө Мирланды киринтүүгө, анын кийимдерин жууганга жана тамак жасоого таза суу жок. Атасы ара күндө коңшу айылга барып суу ташып келчү.
Өлкөдөгү ар бир үчүнчү балага таза суу жеткиликсиз. Айылдардагы абал шаардагыдан бир кыйла начар.
Көйгөйлөр көбөйүүдө
Биздин каармандардын үчөө тең үчкө чыгып, алгачкы кадамдарын эбак таштап, сүйлөй башташты. Алар эми бакчага барышы керек эле, бирок мектепке чейинки билим берүү борборлору өлкө боюнча жетишсиз. Жада калса миллиондогон жашоочусу бар борбор калаадагы Актан да чоң энеси менен үйдө отурууга аргасыз. Анткени алар жашаган конушта бала бакча жок. Бир гана Малика бакчага барып, билим алып социалдаша алат.
Үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 76%ы бала бакчага барбайт.
Малика өзү бала бакчага барганды жакшы көрөт. Ал жакта тарбиячылары күнүгө эрте менен тишти тазалоону үйрөтүшкөн. Малика муну таң заардагы суукта короодо жасоого аргасыз — анткени үйүндө жуунуучу бөлмө, жылуу суу да жок. Ошентип наристе Нарындын суугунда ооруп да калган.
Суук түшкөндөн бери Баткендеги үч жашар Мирлан да жөтөлүп-чүчкүрүп калган. Анын үйүндө ачык меште тамак жасалып, үй да ошонун жардамында жылытылат. Мешке болсо тезек жана таштанды жакканга аргасыз болушат — анткени баланын үй-бүлөсүнүн сапаттуу отун менен көмүргө акчасы жок. Мору болгону менен түтүндүн жарымы баары бир үйдүн ичинде калат. Бул үйдөгүлөрдүн, айрыкча көп ооруган балдардын ден соолугуна зыянын тийгизбей койбойт.
Балдардын 9%ы гана коопсуз деп эсептелген борбордук жылытуу системасы бар үйлөрдө жашашат. Калган 90%ынын үйлөрү ар кандай мештер менен жылытылат, ал эми ага жагылган отундун сапаты тууралуу айтпай деле койсо болот.
Кыргызстандагы балдар инфекциялык ооруулардан көп жабыркашат — суук аба ырайы жана кир аба мунун жалгыз эле себептери эмес. Анткени айрымдарынын колун бир күндө бир нече жолу самындап жууганга да шарты жок.
Мирлан үлгүлүү бала катары жок дегенде тамактан алдын колун самын менен жууганы аракет кылат. Бирок кумганда дайым эле суу боло бербейт, ал эми өзү толтуруп алчу жашка али жете элек. Суу жетишсиздиги Баткен облусундагы эле эмес, бүткүл Кыргызстандагы чоң көйгөй. Ар бир үчүнчү баланын раковинанын үстүнө колун самындап жууй турган жери жок.
Аймактардагы балдардын мындай көйгөйлөрүнүн шартында Бишкектеги Актандын жашоосу жомоктой эле көрүнөт, бирок бир маселеде ал Малика менен Мирланды өтө жакшы түшүнөт. Бул короого казылып курулган ажаткана. Жаш бала үчүн бул дүйнөдөгү эң кооптуу жер — анткени ага түшүп кетсең, чыкпай калуу коркунучу бар.
Көпчүлүк балдар үчүн канализацияга уланган дааратканалар жеткиликсиз. Кыргызстандагы балдар короого казылган кооптуу ажатканаларга барууга аргасыз.
Балдардын моюнундагы чоңдордун түйшүгү
Биздин каармандарыбыз мектепке барышты. Бирок Малика үчүн бул анчалык кубанычтуу болгон жок — кыздын ата-энеси Орусияга акча тапканы кетишти. Мектептеги биринчи салтанатка аны 15 жаштагы эжеси даярдады. Бир тууганы эми Маликага жаңы апасындай эле болуп калды.
Балдардын 9%га жакыны өз ата-энелери менен жашабайт, анткени алар эмгек миграциясында. Бул көрсөткүч жаш курак менен чогуу өсө берет — себеби ата-энелер балдарын жок дегенде бешке чыкканча күтүшөт.
Ошондон бери Малика күн сайын эмес, саат сайын өсүүдө. Ага жооптуу катары калган жеңеси кыздын тарбиясы менен дээрлик алектенген эмес жана ага оор үй жумуштарын жүктөп койгон. Мал кароо, үй жыйноо, тамак жасоо сыяктуу иштердин баары Маликанын моюнунда. Бирок ошого карабастан кыз сабактарын дээрлик калтырган эмес — ал окуганды жакшы көрөт, келечекте жакшы ЖОЖго тапшырсам дейт.
Малика апасы менен бат-баттан WhatsApp аркылуу сүйлөшүп турат. Апасын абдан сагынган. Маликанын мектептеги курбусунун да ата-энеси миграцияда, бирок ал кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп туруу үчүн үйүндө интернети да жок.
Балдардын 26%ы интернет жеткиликсиз болгон үйлөрдө жашашат.
Мирландын үйүндө да интернет жок. Болгон чакта да баланын тикток, инстаграм сыяктуу соцтармактарга убактысы деле жок. Ал 3-класстан баштап эле сабактарын көп калтыра баштаган, анткени үйүндө талаа иштерине жардам бериши керек. Анын ата-энеси дыйкандар — демек жаз-күз Мирлан үчүн бүтпөгөн талаа иштери менен өтөт. А түгүл сабакты көп калтыргандыктан жана начар баалары үчүн Мирланды кийинки жылга калтырып коюшкан.
Бишкектеги Актан да сабакты көп эле калтырат, бирок анын себеби башка. Ал өзү кичинекей болсо да үйүндө өзүнөн кичүүлөр бар. Ошондуктан Актан үйдүн улуусу катары эки карындашын карап, аларга жоопкерчилик алууга мажбур. Бала өзү арызданбайт деле, бирок атасы кээде аны тилдеп, кыйкырып, уруп да салышы мүмкүн. Карындаштарын да ушундай эле ыкма менен тарбиялашат.
Балдардын 75% тилдөө, кыйкыруу жана көтөнгө чабуу сыяктуу адекватсыз жазалоолорго дуушар болушат. Балдар чоңойгон сайын, жазалоо да катаалдай берет.
Биздин каармандар мына ушундай шарттарда чоңоюшту.
Мындай балалыктын эмнеси жаман?
ЮНИСЕФтин социалдык саясат боюнча адиси Гульсана Турусбекова мындай шарттарда чоңойгон балдар дараметин өнүктүрө албайт дейт.
«Баланын 8 жашына чейинки жакырчылыктын кесепети оор болот. Ал баланын когнитивдик, эмоционалдык жана психосоциалдык жактан өсүп-өнүгүүсүнө кедергесин тийгизет. Мындай шарттарда балдар аз салмакта төрөлүп, тез-тез ооруп, начар окушат жана өзгөрүүлөргө кечирээк адаптация болушат», — деп түшүндүрдү ал.
Ал көйгөйдүн юридикалык тарабы да бар экенин кошумчалап, мамлекет балдардын укуктарын жетиштүү деңгээлде коргобой турганын айтат. Мисалга, маморгандар жергиликтүү инфраструктурага инвестициялоо аркылуу бардык балдарды таза суу менен камсыз кылууга тийиш. Турусбекованын айтымында, балдар коопсуз чөйрөдө жашашы керек — мындайда үйдүн ичинде да, сыртында да таза аба болушу шарт. Антпесе булганган аба балдардын жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын оорусуна түздөн-түз таасирин тийгизет дейт адис.
«Баарынан мурда, балдар биздин келечегибиз гана эмес, алар биздин азыркыбыз. Баарын өз убагында жасоо керек. Өз убагында эмдөө, колду тамактан мурда жана дааратканага баргандан кийин жууганга үйрөтүү, туура жана убагында тамактандыруу, алар менен ойноп, окуп убакыт өткөрүү абзел. Бир дагы бала үй-бүлөсүндөгү акча жетишсиздигинен улам өзүнүн дараметин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырабашы керек. Балдар күтө алышпайт, алардын жашоосунда экинчи мүмкүнчүлүк болбойт».
Кыргызстандагы балдардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча негизги сунуштар:
- Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ИННи болушу абзел;
- Саламаттыкты сактоо бардык балдар үчүн универсалдуу жана сапаттуу болууга тийиш;
- Бардык балдар эрте өнүктүрүү кызматтары же программалары менен, же болбосо мектепке чейинки билим берүү менен камсыз болушу керек;
- Ошондой эле бардык балдар мектепте окушу шарт. Мектеп сапаттуу билим берип, 21-кылымда керектүү болгон көндүмдөргө үйрөтүшү керек.
- Жакырчылыкта жашаган балдар жана үй-бүлөлөр социалдык жактан корголушу шарт. Материалдык жакырчылыкта балдарга жөлөк пул төлөнүшү керек.
- Майыптыгы бар айрым балдар категориялык жөлөк пулдарды алышы абзел. Алардын көлөмү акыркы жылдары бир нече ирет көбөйтүлгөн, бирок ал муктаж балдардын баарына эле жеткиликтүү эмес.
- Ошондой эле социалдык коргоо системасы үй-бүлөлүк чөйрөнү жана жашаган жерди сактоо менен аялуу балдарды социалдык кызматтар менен камсыз кылууга тийиш. Мисалы, майыптыгы бар кыз же бала өзүнүн үй-бүлөсүндө жана чөйрөсүндө өсүп-өнүгүшү керек, ошондой эле реабилитация, баарлашуу жана социалдашуу үчүн күндүзгү борборго да бара алышы шарт.
Автору: Айдай Эркебаева
Редактору: Дмитрий Мотинов
Кыргызчалаган: Айбике Адилет кызы