Ош: Киши колдуу болгон ишкердин жакындары сотко жана прокуратурага нааразы болууда

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда киши колдуу болуп көз жумган жеке ишкер Курсант Исмаиловдун жакындары шектүү үч жылга гана кесилиши ыктымалдыгын айтып нааразычылык билдиришти. Алар укук коргоо органдары айыпталуучунун таламын талашып жатат деп даттанышууда.

Ал эми шектүүнүн жактоочусу жабырлануучу тараптын дооматтарын четке кагып, айыпкер өзүн коргоо максатында киши өлтүрүп алганын, буга «каза болгон жаран аны аёосуз токмоктогону себеп болгон» деп айтты.

Эмне болду?

Ишкер Курсант Исмаилов өткөн 2022-жылы 12-августта өз үйүндө бычакталып каза тапкан. Кылмышка шектелип мурда өзү чогуу иштеген таанышы кармалган. Исмаиловдун жубайы Кализа Садыкова «Т-Медиа» телеканалына маек куруп, каргашалуу окуя анын көз алдында болгонун айтып берди.

«Үйгө кирип чай койдум, башка [иштерди] кылдым. Экөө кичине кажы-кужу болуп, мен чыкканда мушташып жатышыптыр. Кошуналарым күбө. Бычагын даярдап барган экен, ошол жерде биздин көзүбүзчө эле бычактап койгон. Мен бир жылдан бери боздоп келе жатам. Сот бүтпөй жатат. Бул жерде прокурорлор, судья бир тараптуу карап, адам өлтүргөн кишинин кызыкчылыгына, акчага алданышып бир тараптуу чечим чыгарып жатышат», — деп билдирди Сыдыкова.

Окуяны териштирүү иштери уланып жатат. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Жигит Толкунбек уулу шектүүгө эң жеңил — «Аффект абалында киши өлтүрүү» беренесинин негизинде айып тагылып жатканын, бирок кылмыш жасаган айыпталуучунун акыл-эси жайында экенин соттук-медициналык экспертиза далилдегинин белгиледи.

Жактоочунун айтымында, Ош шаардык прокуратурасы шектүүгө карата «жактоочунун ролун аткарып жатат».

«Шектүүнү актап, өзгөчө оор кылмышты “анча оор эмес” катары сыпаттап, “аффект абалында жасалган” деп кылмыштын коомдук коркунучун төмөндөтүп жатышат. [...] Аталган берене боюнча айыпталуучу үч жылга чейин гана жазага тартылышы мүмкүн. Экспертизанын акыркы тыянагына ылайык, шектүү “аффект абалында болгон эмес”» , — деди жактоочу.

Маркумдун жакындары прокурорлордун жана соттордун жумуштан кетүүсүн талап кылган плакаттарды кармап, Ош шаардык прокуратурасынын имаратынан Ош шаардык сотуна карай жөө жүрүшкө чыгышты.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Толкунбек уулу кылмыш иши кайра прокуратурага кайтып, башка берене коюлушу керек деп эесептейт. Анын айтымында, буга чейин сотко мындай өтүнүчтү келтиргенине карабастан шаардык соттун судьясы Салтанат Есенкулова өтүнүчтү четке каккан.

«Аффект менен мас абалды бир-бири менен салыштырууга болбойт. Себеби, соо адам гана аффект болуп, ачууга алдырышы мүмкүн. Бул илимий түрдө тастыкталган факт. Ушул далилдерге негиздеп, мен жабырлануучу тараптын жактоочусу катары, жазык ишин прокуратурага кайтаруу тууралуу сотко өтүнүч келтиргенмин, бирок прокуратура менин өтүнүчүмдү колдогон жок. Алар өзүлөрү ушундай өтүнүчтү келтиргени милдеттүү болчу», — деп билдирди Толкунбек уулу.

Каза болгон жарандын жакындары кылмыш ишти караган прокурорлорду жумуштан алууну, мыйзам чегинде чечим чыгарууну суранып өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Тараптар эмне дейт?

Ал эми шектүүнүн жактоочусу Айсалкын Карабаева келтирилген жүйөлөрдү четке кагып, кылмыш иши боюнча үч жолу соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

Анын айтымында, эки экспертиза шектүү «өзүн билбеген абалда болгон» деген корутунду чыгарса, ал эми үчүнчү экпертизанын жыйынтыгы «белгисиз» деп көрсөткөн.

Андан сырткары Карабаева айыпталуучу мындай кадамга өзүн коргоо максатында барганын, буга «каза болгон жаран аны аёосуз токмоктогону себеп болгон» деп кошумчалады.

«Аны аябай уят сөздөр менен кесминткен. Ошондо дагы “кой, мейли, сен массың, мен кетип калайын” десе анысына дагы макул болбостон, аны физикалык күчкө салып уруп, оозунда эки тишин жана жаагын сындырып, 21 мүнөт тынымсыз колу менен сабаган. Алардын баары жабырлануучунун өзүнүн үйүнүн камерасына тартылган», — деди жактоочу Карабаева.

Маркум жашаган үйдө видео байкоого тартылып калган тасмадан маркум Исмаилов айыпталуучуну урганын, кийинчерээк шектүү унаасынан бычак алып чыгып, ага шилтегенин көрүүгө болот.

Ал эми Ош шаардык сотунан 2-июнда «Клоопко» иш соттук кароо стадиясында экенине жана чечим чыга электигине байланыштуу судьялардын аракетине баа берилбейт деп билдиришти.

Башкы беттеги сүрөт «Т-Медиа» басылмасынан алынды.