Жапаров менен Рахмон чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү «натыйжалуу улантууну» жакташат

2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Европа биримдиги — Борбор Азия» саммитинде президент Садыр Жапаровдун тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушуусу өттү.

Жапаровдун басма сөз кызматы өлкө лидерлери жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушканын билдирди.

«Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти. Жапаров менен Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты», — деп айтылат маалыматта.

Жапаров менен Рахмон «эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн» белгилешти.

Ал эми Тажикстан президентинин басма сөз кызматы өлкөлөр соңку 1,5 жылда чек аранын 102 чакырымын тактоого жетишишкенин билдирди. Алардын маалыматына ылайык, биргелешкен чек аранын 972 чакырымынын бүгүнкү күнү 626 чакырымга чукулу макулдашылган.

Рахмон Кыргызстанга «Европа биримдиги – Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келди. Саммит 2-3-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары такталбагандыктан чек арага жакын айылдарда — жер, суу жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы эң акыркы ири кагылышуу 2022-жылдын 14-17-сентябрда Баткен облусунда болгон. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бири-бирин айыптоодо. Сентябрдагы чек ара жаңжалынан кийин эки президент тең байланыш деле түзүшө элек болчу.