УКМК: Кызыл-Кыядагы мектептен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун желеги табылды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебинен тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун желеги табылды. Бул тууралуу 2-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туу бүтүрүүчүлөргө арналган тактанын жанынан табылган. Ал эми мектептин тосмолоруна «Сени кыйраткан нерсени жок кыл», «Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо», «Сенин камераң сага жардам бербейт» деп жазып кетишкен.

Бул боюнча шектүү катары мектептин үч бүтүрүүчүсү кармалды. Алардын биринин телефонунан террордук уюмдун желегин даярдап жаткан учур тартылган видео табылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

«Соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иштери жүргүзүлүп, тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана террордук уюмга тиешелүү болушу мүмкүн делген ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып, экспертизага жиберилди», — деп белгилешти атайын кызматтан.

«Ислам мамлекети» — көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылган уюм. Аталган уюм Ирак менен Сириянын аймагында «халифат куруу боюнча» иш жүргүзүп келет.