Минкаб: Кыргызстан Кытай менен бирге Сары-Жаз дарыясына алты ГЭС курууну пландоодо

Кыргызстан Кытай менен бирге Сары-Жаз дарыясына кубаттуулугу 1100 МВт болгон алты ГЭС курууну көздөп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-июнда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барып, Сары-Жаздагы ГЭС курула турчу жерлерди вертолёт менен көрүп чыкты.

«Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат», — деп белгилешти өкмөттөн.

Ошондой эле Жапаров Дүйнөлүк банктын колдоосу менен салынып жаткан Түп — Кеген жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты.

Ал жергиликтүү бийликке Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, «Каприз» тоо лыжа базасына барчу жолду реконструкциялоо, «Каракол» аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды башка жерге көчүрүү сыяктуу тапшырмаларды берди.