«Чекит Медианын» УТРКдагы фейк жана троллдор жөнүндө иликтөөсү. Орунбековдун жообу

20-июнда «Чекит Медиа» фактчекерлер бирикмесинин негиздөөчүсү, журналист Асел Сооронбаева УТРКны байырлаган фейк жана троллдордун фабрикасы тууралуу иликтөө жарыялады

Анда фейк-фабриканын ишин президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков көзөмөлдөшү мүмкүн экени айтылат. Орунбеков болсо иликтөөнү «каралоо» деп атады.

Иликтөө эмне жөнүндө?

2022-жылдын соңунда УТРКда SMM жана жаңы медиа башкармалыгы түзүлгөн. «Чекит Медиа» анонимдүү булактарына таянып, ал жерде «фейк жана троллдор факбрикасы байырлай турганын» белгиледи.

«Бул менин пикирим эмес, бизге ушундай жазгыла деп тапшырма берилди. Бизде жаңы бөлүм түзүлгөн — соцтармакта УТРКнын контентин жайылтуу боюнча, мен ошол жакка которулгам. Негизи КТРКнын кызматкерлеринин мекемеде болуп жаткан окуя тууралуу бирөөгө айтууга укугу жок. Мен силерге айтып бергенимдин себеби, телеканалда өзгөрүүлөр болсо дейм. Бир күнү ушул постторумду өчүрө алсам экен», — деп айтып берген анонимдүү булактардын бири.

Видео материалдын түп нускасы «Чекит Медианын» YouTube каналына жарыяланган:

«Чекит Медиадагы» журналисттер телеканалдын кызматкерлери тролль катары иштеп жатканын жана алардын фейк-аккаунттар менен байланышы бар экенин аныкташканын белгилешти. 

Сооронбаеванын айтымында, УТРКнын кызматкерлери да, фейктер да бир эле убакта белгилүү бир тема боюнча окшош постторду бөлүшөт. Посттордо бири-бирин белгилеп, лайк басып, аудиториясы чоң тайпаларга жайылтышат.

Журналисттер УТРКнын жаңы медиа бөлүмүндө иштегендер «30 миң сомдон 40 миң сомго чейин» айлык аларын бир нече булактан тастыкташкан. Ал эми 2022-жылы УТРКнын чыгымы 485 млн сомду түзгөн —  бул күнүнө салыктан түшкөн каражаттан 1 млн сомдон ашыгы каналдын муктаждыгына жумшалат дегенди билдирет.

«Чекти Медиага» анонимдүү маалымат берген УТРКнын мурдагы кызматкери делген адам каналдагы медиа бөлүмгө буйрутмалар «президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдон түздөн-түз келип турат» деп билдирген

«Негизи SMM жана медиа өнүктүрүү бөлүмү деп атап коюшкан, бирок аты эле ушундай, ичи фейк-фабрика. Жогору жактан эле түз көрсөтмөлөр келип турат… Дайыр Орунбековдон. Азыр ал бөлүмдө көбүнчө эле жаштар иштейт. Көп нерсеге маани бере беришпейт. Эмнени айтсаң ошону кыла бергендер. Өз оюн калыптандыра электер», — деп айтып берген ал.

Дайырбек Орунбеков эмне дейт?

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзү жөнүндө айтылгандарды четке кагып, УТРКнын кызматкерлерине жетекчилиги «тапшырма, багыт берет» деп белгиледи.

«Бизде сөз эркиндиги бар, ар ким пикирин айтат, жазат, ошол эле кезде каралоо, далилсиз айыптоолорго жол беришет. Мага карата айтылып жаткан маалыматтарды четке кагам. Анткени, “аниноимдүү булактар айтты” дегенден башка далилдерди көрсөтүп бере албай жатасыз, сурооңуз дагы “эл айтты” деген деңгээлде болуп жатат», — деп жооп берген Орунбеков.

Ал эми УТРКдан SMM жана жаңы медиа башкармалыгы өткөн жылдын ноябрында түптөлгөнүн белгилеп, «кызматкерлердин фейк-фабрикага тиешеси барбы» деген суроого жооп кайтарган эмес. Улуттук каналдын жетекчилиги «расмий барактардан тышкары аккаунттар үчүн жооптуу эмес экенин» айтышкан.

Видео жарыяланган соң Орунбеков «Азаттыкка» маек куруп, материалды «каралоо» деп атады. Ал иликтөөнү «ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алганын» белгиледи.

«Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден, мамлекеттик телеканалдардын журналисттерин өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди, өсүү деңгээлин көрсөткөн материалдарды бөлүшкөнүн булар троллдор деп кемсинтүүгө жол беришкен. Сын айтып, негатив издеп же болбосо мамлекеттин кадыр баркын төмөндөткөн маалыматтарды чыгаргандарга сөз эркиндиги, иликтөөчү журналист деп баа берип, мамлекетибизде жасалып жаткан жакшы иштерди айткандарды троллдор, деп кемсинтүү деген туура эмес», — деди ал.