Кыргызстан, Казакстан жана Орусия өз жарандарынын жеке маалыматы менен алмашып турат

Президент Садыр Жапаров 21-июнда «Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Бул макулдашуу өлкөлөр Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын жарандарынын жеке маалыматтарын ич ара алмаша алат дегенди билдирет.

Өлкөлөр жарандары тууралуу бири-бирине төмөнкүдөй маалыматтарды берип тура алышат:

  • жарандыгы бар экендиги (жоктугу) тууралуу;
  • тараптардын аймагында туруктуу болууга (жашоого) укук берүүчү документтердин бар экендиги тууралуу;
  • тараптардын жарандарынын, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын жашаган жери (турган жери) боюнча миграциялык каттоого коюу же каттоо тууралуу;
  • өлкөлөрдүн аймагына кирүүгө укук берүүчү визаларды берүү тууралуу;
    өлкөлөрдүн аймактарында жеке маалыматтар субъектинин атына катталган кыймылсыз мүлк тууралуу;
  • өлкөлөрдүн аймактарында жеке маалыматтар субъектинде болгон мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер;
  • өлкөлөрдүн аймактарында жеке маалыматтар субъектин кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу;
  • ким экендигин ырастоочу документтер.

Президенттин администрациясынан макулдашуу кыргыз тараптан бардык ички мамлекеттик жол-жоболор аяктагандан кийин гана күчүнө кирерин кошумчалашты.