Балдарга «зыян» маалыматты жарыялоону тыйган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү ачык булактардагы маалыматтарды көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруyн карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Андай маалыматтарды жарыялоо үчүн айып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Жамиля Исаева.

Мыйзам долбоорунда мындай маалыматтарды жарыялагандарга айып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоору азыр колдонуудагы «ЖМК жөнүндөгү» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске түзөтүүлөрдү киргизет.

Балдар үчүн «зыяндуу» маалыматты жарыялоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында коомдук талкууга коюлган.

Анда «жашы жете электерге зыян тийгизген маалыматты таркатуу үчүн» жарандарга 2 миңден 25 миң сомго чейин штраф салуу сунушталып жатат. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, «салттан тышкаркы сексуалдык мамилени» пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн сыйлабастыкты калыптандырган маалыматтарды таратуу үчүн да штраф салуу каралган.

Исаева сунуштап жаткан түзөтүүлөрдүн бири ЖМК жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү. Ал аталган мыйзамга балдардын ден соолугу, дене бою, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыянын тийгизүүчү маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу бөлүгүн кошууну сунуштап жатат.

Исаева дагы кандай маалыматтар үчүн айып салууну сунуштап жатат?
  • балдарды өз өмүрүнө кол салууга же ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирүүчү аракеттерди жасоого түрткү болчу маалыматтар;
  • балдардын баӊгизат, психотроптук же маӊ кылуучу заттарды пайдалануу, чылым чегүү, арак, сыра ичүү жана кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик кылуу каалоосун пайда кылган маалыматтар;
  • зомбулукту же мыкаачылыкты актаган, адамдарга же жаныбарларга зомбулук көрсөтүүгө түрткү берген маалыматтар;
  • үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн урматтабоону калыптандырган маалыматтар;
  • мыйзамсыз жүрүм-турумду актаган маалыматтар;
  • уят сөздөрдү камтыган маалыматтар;
  • порнографиялык мүнөздөгү билдирүүнү камтыган маалыматтар.

Мындан тышкары, буга чейин парламенттин комитеттик жыйынында Исаева ата-энелер балдары үйдө эмне көрүп жатканына жоопкерчилик алат деп билдирген. Ошондой эле ал эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, минкаб тарабынан жобо иштелип чыгарын, анда ар бир министрликтин функционалдык милдеттери так жазыларын айтып берген.

«Мисалы, Маданият министрлигине эксперттик топ киргизилет. Алар жабууга сунушталган [ресурстардын] тизмесин Санарип өнүктүрүү министрлигине берет», — деген Исаева.

Ошондой эле Исаеванын айтымында, азыркы тапта балдардын SIM-карталарын каттап, аларды ата-энелерине байлоо ченеми да каралып жатканын да кошумчалаган.