Иманкулов: Кыргызстанга ЧВК Вагнер сыяктуу компаниялардын кереги жок

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Азаттыкка» курган маегинде Кыргызстанга Орусиядагы ЧВК Вагнер сыяктуу компаниялардын кереги жоктугун билдирди.

Ал орус бийлиги менен ЧВК Вагнердин куралдуу көтөрүлүшүн талкуулай электигин, бирок мындай жеке аскердик компаниялардын ишмердүлүгү мыйзам менен аныкталышы керектигин белгиледи. 

«​​Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага болгон күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо, аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы. 

23-июнда ЧВК Вагнердин неиздөөчүсү Евгений Пригожин Орусиянын туруктуу армиясы анын аскерлеринин тылдагы лагерлерине ракеталык соккуларды урганын билдирген. Андан кийин эле Пригожин «вагнерчилер» Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилерин, биринчи кезекте — коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду жоопкерчиликке тартуу үчүн Москваны карай куралчан жүрүшкө бет аларын жарыялаган. 

Сутка ичинде ЧВК Вагнер Ростов-на-Дону шаарын басып алып, колонна менен Москваны көздөй бет алган. Бирок 24-индун кечинде Беларустун президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин Пригожин баш калааны көздөй жүрүшүн токтотуп, «вагнерчилер» өз курамынын туруктуу жерине кайтып барарын жарыялаган

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Пригожинди ысымын атабастан «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыптаган. ФСБ Пригожинге куралдуу көтөрүлүшкө чакырык таштоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иш кыскартылып, Пригожин «Беларуска кетерин» билдирген.  

27-июнь күнү кечинде Путин элге жасаган кайрылуусунда ЧВК Вагнердин жалданма аскерлерин «тымызын» колдонуп кетүү аракети болгонун айтып, «вагнерчилерге» Орусиянын коргоо министрлиги менен же башка күч органдары менен келишим түзүүнү, туугандарына кайтууну же Беларуска кетүүнү сунуштаган. Ошондой эле Путин Пригожиндин көтөрүлүшүндө аскер учкучтары каза тапканын тастыктаган. ЖМКлардын маалыматына ылайык, кеминде 10 орус аскери каза тапкан.