Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июндагы жыйынында прокуратура органдарын кылмышты иликтөө укугунан ажыраткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул демилгени 62 депутат колдоп, 4 эл өкүлү каршы чыкты.
Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова эгер мыйзам күчүнө кирсе, прокурорлорду кыскартуу же укук коргоо органдарына которуу пландалып жатабы деп кызыкты. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева андай нерсе планда жоктугун, бирок буга чейин тергөө менен алектенген прокурорлор эми көзөмөл кылууга өтүшөрүн белгиледи.
Прокурорлорду тергөө функциясынан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун президенттин администрациясы демилгелеген.
Демилгечилердин пикиринде, прокуратура органдары өздөрү тергөө жүргүзүп, өздөрү анын мыйзамдуулугунун сакталышына көз салган жагдай түзүлүп калган. Ушундай болгондуктан, коррупция жана кызыкчылыктар кагылышы үчүн мүмкүнчүлүк түзүүлөдө деп эсептешет демилгечилер.
Президенттин администрациясы бул укук коргоо органдарынын ишиндеги «системалык кемчиликтерге» алып келип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүүрүгө терс таасирин тийгизүүдө, системанын өзүндө да, коомчулукта да мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктү камсыз кылбайт деп эсептейт.
Демилгечилер ички иштер органдары менен УКМКнын ортосунда азыр прокуратура органдарынын тергөө караштуулугуна кирген Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин тизмесин кайра бөлүштүрүүнү сунушташууда. Бирок бул аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө карата козголгон кылмыш иштерине тиешелүү болбойт. Бул сыяктуу иштер боюнча тергөөнү аскер прокуратурасы жүргүзгөндү улантат.
Бийлик прокуратура органдарын тергөө функциясынан ажыратууну пландап жатканын 11-апрелде парламент жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев айткан. Анда ал акыркы чечимди президент чыгарарын айткан: «Биз реформага муктажбыз» деген.
Башкы прокуратура кылмыштарды иликтөө укугуна 2021-жылы Садыр Жапаров демилгелеген жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ээ болгон.