Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Биздин эгемендүү мамлекет болгонубузга 30 жыл болду. Ошондон бери улуттук да, мамлекеттик да, ошол эле мезгилде жаштар уюмунун да идеологиясы жок. Ошол боштукту 30 жылдан ашык убакыттан бери Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар, сырттан келген диний секталар, салттуу динибизди бурмалаган дааватчылар ээлеп алды. […] Бизде жаштарды тарбиялоодо маселе өтө көп. Ошол мына мен Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды алып чыксам, мени жаманатты кылып жазып жатышпайбы» — деп билдирүүдө Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. 

Ал — Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдарга каршы чыккан жана «батыштын акчасына сатылгандарды» тилдеген депутат. Ал 2022-жылдын ноябрынан бери Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга «чет элдик тыңчылар» делип аткан түзөтүүлөрдү жан алы калбай сүрөмөлөп келет.  

Бирок Нарматова, парламенттин көптөгөн башка депутттары сыяктуу эле Батыш өлкөлөрү менен «дос» болуп, алардын тажрыйбасын алууга каршы эмес. Бул тууралуу достук депутаттык топторунун расмий тизмелери да айгинелеп турат — башка өлкөлөр менен мамилени чыңдаган атайын бирикмелер. Андай топко мүчөлүк чет өлкө сапарларына делегацияларды түзүүдө да эске алынат. 

Бирок Нарматова, парламенттин көптөгөн башка депутттары сыяктуу эле Батыш өлкөлөрү менен «дос» болуп, алардын тажрыйбасын алууга каршы эмес. Бул тууралуу достук депутаттык топторунун расмий тизмелери да айгинелеп турат — башка өлкөлөр менен мамилени чыңдаган атайын бирикмелер. Андай топко мүчөлүк чет өлкө сапарларына делегацияларды түзүүдө да эске алынат.

«Клооптун» журналисттери аталган топторду талдап, «Батышка каршы анабашчы депутаттардын» кимиси бул топторго кирерин, мунун коммерциялык уюмдарга карата кысым менен кандай байланышы бар экенин жана жалпы эле айтканда жетинчи чакырылыштын депутаттары кимдер менен эл аралык мамиле кургусу келерин изилдеп көрдү.

«Батышчыл» коммерциялык эмес уюмдарга — жок, АКШ менен достук — болсун

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстан коммерциялык эмес уюмдар аркылуу «кылымдар бо ата-бабадан калган баалуктарыбыз менен үр-адаттарыбызды бузууга аракет кылган» «Батыштын» таасирине алдырып жатат деп эсептеп, «чет элдик тыңчыларды» жабууга чакырууда.

Анын кесиптеши Алишер Козуев да батыш өлкөлөрүнүн таасирине каршы, анын пикиринде, алардын айынын кыргыздын «салт-санаасы менен үрп-адаттары унутулуп» калышы мүмкүн.

Ал эми коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдүн башкы демигечиси Надира Нарматова уюмдарга «чет элдик тыңчы» макамын берүүнүн зарылдыгын «чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар бизге тынчтык бербей, өздөрү бийликке келүүнү көздөп» жана коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин саясий жашосуна аралашып жатканы менен түшүндүрүүдө

«Батышчыл» коммерциялык эмес уюмдарды жабууну депутат Шайлообек Атазов да колдойт. Анын пикиринде, алардын арасында жаштарга жана өлкөнүн туруктуулугуна терс таасир эткен уюмдар бар. «Буларга чекит коюш керек. Азыр булар, батыштын саясатын жайылтып, жаштарыбызды интернет аркылуу психологиясын бурмалай турган болушту. Ошондуктан чет өлкөлүк тыңчыларга баа бере турган мыйзам долбоорун эртерээк алып чыгып кабыл алышыбыз керек», — деп эсептейт Атазов. 

Жогоруда аты аталган депуттардын баары Кыргызстанда Коммерициялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамына мамлекеттин коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишүүсүн жана коммерциялык эмес уюмдарга карата иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды койгон Орусиянын «чет элдик тыңчы» мыйзамынын бир түрүн киргизген түзөтүүлөрдү* демилгелегендердин тизмесине кирет

* Башында түзөтүүлөрдү демилгелегендердин арасында 33 эле депутат бар болчу. Бирок тизме тез-тез алмашып жатат. Материал жарык көрөр алдында Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган демилгечилердин тизмесине 6 депутат жаңы кирсе, 13 депутат чыгып кеткен

Канчалык таң калычтуу болбосун Коргонбай уулу да, Козуев да, Атазов да, керек болсо Нарматова өзү да ошол «Батыш» менен «дос» болууга каршы эмес. Алар чет өлкөлөрдүн парламенттери менен байланыш түзүүгө, ошондой эле чет мамлекеттер менен соода, маданий жана коомдук өз ара мамилелерди түзүүгө жардам берүүчү достук депутаттык топторуна кирет. 

Мисалы, Надира Нарматова Франция, Испания, Португалия жана Италия, Швейцария жана Ватикан менен достук топторуна кирет. Ал эми Шайлообек Атазов — АКШ, Канада жана Скандинавия өлкөлөрү менен достук тобуна мүчө.

Ал эми Батышка жана чет элдик каржылоого каршылардын башкалары АКШ менен дос болгонго каршы эмес. 

Ошол эле маалда кыргыз депутаттарынын тандоосу чоң — Жогорку Кеңеште 33 достук тобу бар. Ага депутаттар, Жогорку Кеңештин регламентине жана атайын жобого ылайык, өз ыктыяры менен арыз жазып мүчө боло алышат. Депутаттардын ар бири бир эле учурда беш топко кире алат, андан ашык кире албайт. 

Депутат Элвира Сурабалдиева «Клоопко» эл өкүлдөрү каалаган достук тобуна кирип же чыгып кете аларын айтып берди (муну парламенттин басма сөз кызматы да тастыктады). «Алар мунун баарын өз кызыкчылыктарына карап кылышат», — деди ал.

Бирок Надира Нарматова «Клооптун» журналисти менен телефондон сүйлөшүүдө бир дагы достук тобуна мүчө эместигин жана жеке өзү аларга кирүүгө арыз жазбаганын билдирди.

Америка Кошмо Штаттары жана Канада менен достук топтору азыркы тапта кыргыз депутаттарынын арасында эң популярдуу. Экинчи орунда — Орусия менен достук тобу, ал эми үчүнчү орунда — Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Иордания, Сирия, Катар жана Кувейт сыяктуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү турат.

Ошол эле учурда, бир дагы депутат Түштүк Америка өлкөлөрү, Пакистан жана Ооганстан менен «достошууну» каалабайт — ал өлкөлөр менен достук тобунда эч ким жок. 

Кызыгы, парламенттин буга чейинки чакырылышында кырдаал башка болчу — ЖМКдагы маалымат боюнча,  катары эң калың бул Орусия менен түзүлгөн достук тобу болчу. Ага дээрлик ар бир экинчи депутат кирген. Экинчи орунда сан жагынан  алганда АКШ жана Канада менен түзүлгөн достук топтору турган. Ал эми үчүнчү орунда — Кытай.  

Демилгечилер өздөрүнүн түзөтүүлөрүнөн күмөн санаштыбы?

19-майда «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору каттоодон өткөндөн бери демилгечилердин тизмеси тынбай өзгөрүп жатат. Материалды жарык көрөр алдында тизмеден 13 депутат чыгып кетти

Алардын бири — УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев. Депутаттын өкүлү «Клоопко» Ташиев мыйзам долбоорун окубай туруп кол коюп алганын айтып берди. Ал эми окуп, таанышып чыккандан кийин макул деп койгон колун артка кайтарып алууну чечкен. 

Депутат Лейла Лурова фамилиясы Жогорку Кеңештин аппаратынын жаңылыштыгы менен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесине кирип калганын билдирди. «Эгерде мен ал жака кирип анан кайра чыгып кетсем, бул тууралуу расмий билдирмекмин. Бул боюнча менин да өз оюм бар, бирок мен демилгечи болгон эмесмин», — деди Лурова «Клоопко» курган маегинде. 

Лурованын айтымында, ал АКШ жана Канада, ошондой эле Швейцария, Италия жана Ватикан менен түзүлгөн тостук топторуна кирет. Ал өткөн жылы кыргыз делегациясынын курамы менен Европарламентке барып келген. «Мен Европарламентке — Жогорку Кеңештен барган делегациянын жетекчисимин.  [Бул мыйзам долбооруна кол койгонго] логика кайда?» — деп таң калды. Бирок кийин мыйзамга түзөтүүлөрдү киргүзүүгө документ менен толук таанышпай туруп кол койгонун мойнуна алды

Ал эми Шайлообек Атазов 21-июнда эле түзөтүүлөр боюнча колун чакыртып алганын билдиргени менен дагы деле демилгечилердин тизмесинде турат

«Улуттук коопсуздукка, мамлекеттин эгемендүлүгүнө да сокку уруп албагандай болушубуз керек, ошол эле учурда биз Кыргызстанга ар тармактан келип жаткан жардамдарды дагы тосуп калганга себепчи болуп калбашыбыз керек. Ошол эле спорт, саламаттык сактоо, мечит-медереселердин багытында келген чоң-чоң гранттарга тоскоолдук болуп калбагандай болуш керек», — деп түшүндүргөн мындай чечимин Шайлообек Атазов. 

Алардын кесиптеши Дастан Бекешев депутаттар батыш өлкөлөрүн «шыбап», бирок ошол эле маалда алар менен достошууну көздөгөн «эки жүздүүлөр» деп эсептейт. 

«Бизде мындайлар көп — өздөрү моралдык-этикалык нормаларды сактабай туруп, адеп-ахлакка үйрөткөндү жакшы көрүшөт. Батышты жек көрүшкөнү менен айфонду колдонушат. Кээ бири динге карай багыт алыш керек деп коюп, казино үчүн, этил спиртин өндүрүүдө мамлекет монополия болсун деп добуш берип жатышат. Болбосо динде [алкоголду] өндүрүүгө тыюу салат да. Алар өз абийири менен кантип келишип жатышканын билбейм», — дейт Бекешев. 

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргызстан үчүн эмнеге коркунучтуу? Буга Орусиянын кандай тиешеси бар? 

Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга «чет өлкөнүн өкүлүнүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдар» түшүнүгүн белгилеген түзөтүүлөрдүн биринчи версиясын 2022-жылдын ноябрында эле коомдук талкууга чыгарган. Жарым жылдан кийин ага дагы 32 депутат кошулган.  

Мыйзамдын атворлору коммерциялык эмес уюмдар «саясйи иштерге аралашат» деп эсептешет. Ошондуктан «чет элдик тыңчы» түшүнүгүн киргизген түзөтүүлөрдүн эки версиясында тең коммерциялык эмес уюмдарга көптөгөн кошумча талаптарды коюп жатышат.  

Ошол эле кезде юристтер «саясий ишмердүүлүк» деген аныктама «өтө бүдөмүк жана так эмес», аны иш жүзүндө каалагандай колдонсо болот деп эсептешет

Орусияда ушуга эле окшош «чет элдик тыңчы жөнүндөгү» мыйзам 2012-жылдан бери иштейт. Бул демилге кезинде Орусиянын Юстиция министрлигине чет өлкөдөн каражат алып «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик тыңчы» макамын берүүгө мүмкүндүк берген. Ал эми 2022-жылы мыйзам татаалданып, эми чет өлкөдөн колдоо алган же «башкача формада чет өлкөнүн таасиринде болгон» бардык адамдар «чет элдик тыңчы» боло баштады.  

2022-жылы Factcheck.kg басылмасы Нарматованын коммерциялык эмес уюмдар мыйзамына киргизип жаткан түзөтүүлөрдүн 90%ы — Орусия документинин көчүрмөсү экенин аныктаган

«17 түзөтүүнүн алтоо үтүрүнө чейин көчүрүлүп алынган, башкача айтканда 100% плагиат […] Калгандарында плагиаттыктын көрсөткүчтөрү 72-100% түзөт», — деп айтылат басылманын изилдөөсүндө. 

Орусияда мыйзамдын авторлору «маалыматтык максатта» кабыл алынганын айтканы менен, иш жүзүндө бул мыйзам репрессивдүү экени — биринчи кезекте ЖМКга карата репрессивдүү экени көрүнүп турат

Орусиянын ОВД-Инфо укук коргоо долбоорунун жана ЖМКнын укугун коргоо борборунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын июнуна карата аталган өлкөдө 630дан ашык уюм жана жеке жактар «чет элдик агент» деп таанылган, бул 2021-жылы мындай макам алгандардын үчтөн экисин түзөт.  

«Чет элдик тыңчылардын» тизмесинде ЖМК менен журналисттер көп: 63 уюм менен 142 журналист бар. Андан кийинкиде саясатчылар, укук коргоочулар жана билим берүү тармагындагы демилгечилер турат. Ошондой эле алардын катарына мигранттарга жардам берип, аялдардын укуктарын коргогондор, артисттер жана керек болсо, кайрымдуулук көрсөткөн бейөкмөт уюмдар дагы кирген. 

Бул мыйзам колдонулган ойго келгис мисалдардын бири — Саратовдогу кант диабиети менен жабыркаган адамдарга көмөк көрсөткөн коомдук уюмга каршы иш. Уюм диабет менен ооругандарга маалыматтык колдоо көрсөтүп, агартуучу иш-чараларды өткөрүп, инсулин жана башка керектүү дары-дармек алууга жардам берип келген. Бирок 2018-жылы «чет элдик тыңчы» макамы менен байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам жабылып калган.     

Уюмду «чет элдик тыңчы» деп тааныган эксперттердин бири корутундуга алардын ишинде «бийлик органдарын дискредитациялоонун эпкиндери болгонун» жана чет элдик өнөктөштөрүнө «аймактын талылуу чекиттери» тууралуу  маалымат берип жатканын белгиленген.

Натыйжада, мыйзам кабыл алынгандан бери Орусияда «чет элдик тыңчы» макамын алган ар бир бешинчи коммерциялык эмес уюм жабылып калган. 

Эми Орусиянын депутатары өздөрүнүкүнө коёндой окшош эле мыйзамдын Кыргызстанда кабыл алынышын уялбай эле колдошот. Мисалы Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге «натыйжалуу мыйзамдарды» колдонуу тажрыйбасын үйрөнүүнү сунуштаган

«Азыркы тапта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Батыштан каржыланган чет элдик коммерциялык эмес уюмдар “суверенитетти, мамлекеттүүлүктү жок кылууга аракеттенип жатат”. Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болушу мүмкүн», — деп айтылат Мамдуманын сайтында.

Эгер бийлик коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү кабыл алып калса, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары эбегейсиз кеңейет. Алар уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуп, банктык депозиттерин колдонууга тыюу салып жана алардын пландуу жолугушууларына же ички иш-чараларына өкүлдөрүн жөнөтө да алышат. Мунун баары салык же прокуратура органдары тарабынын эсеби жок текшерүүлөр менен коштолот. 

Мындан тышкары, коммерциялык эмес уюмдарды жетекчиликтин жеке курамы боюнча отчёт берүүгө, акча сарптоонун максаты жөнүндөгү жана мүлктү колдонуу боюнча документтерди көрсөтүүгө, ошондой эле кымбат аудитордук корутунду берүүгө милдеттүү кылат. Ошондой эле мамлекеттик органдар уюмдарга кимдир бирөөгө акча которууга чектөө да коё алат. 

Ошол эле маалда Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле салык кызматына, Социалдык фондго жана башка ведомстволорго — анын ичинде каржынын булагы жана чыгашалары тууралуу маалымат берип келишет.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр кыргыз парламентинин депутаттары президент Садыр Жапаровдун көп векторлуу тышкы саясатын колдой турганын достук топторунун анализи көрсөткөнү менен, көбүнчө Орусиянын тажрыйбасын таянарын айгинеледи

 

Материалды даярдагандар: Алексей Журавлёв, Айгерим Рыскулбекова, Алтынай Ногойбаева
Дата-редактор жана ментор: Савия Хасанова
Тексттин редактору: Савия Хасанова, Дмитрий Мотинов

Кыргызчалаган: Чолпон Бейшелең кызы