Бишкекте кинорежиссёр Михаил Дудников унаа коюп каза тапты

Оң жакта Михаил Дудников. Сүрөт: Елена Баялинова

Бишкекте кинорежиссёр 75 жаштагы Михаил Дудников унаа коюп кетип каза тапты. Бул тууралуу 30-июнда медиаэксперт Елена Баялинова билдирди.

Маалыматка караганда, режиссёрду 29-июнь саат 16:40та жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден Hyundai Santa Fe үлгүсундөгү унаа коюп кеткен. Кырсык Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Кино тармагында ал ар дайым бир нерселерди ойлоп таап, жараткан, өзүн көрсөтүүнүн жаңы формаларын изденген киши болчу. Адамдар жана жаратылыш менен баарлашууда өзүнүн ачык жарандык позициясы болгон. Михаил Иванович мугалимдик менен алектенип жүргөндө чоң ишенимге ээ болуп, окуучуларынын жан дүйнөсүнөн орун тапкан», — деп эскерди Баялинова.

Бишкек шаардык патрулдук милициясынан аталган маалыматты тастыкташып, шектүүнүн унаасы айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдиришти. Тергөө уланууда.

Михаил Дудников 75 жашта эле. Ал «Калия Токтогулованын учушу», «Эртеңкиге сабак», «Келгинди», «Экскурсия» жана башка документалдык фильмдерди тарткан.