Улуттук банк комбанктарга өлкөдөн долларды алып чыгууга салган чектөөсүн алды 

Улуттук банк коммерциялык банктарга накталай долларды өлкөдөн алып чыгарууга салган чектөөсүн убактылуу алды. Чет өлкө валютасын өлкөдөн чыгарууга уруксат 2023-жылдын 15-июлунан тартып 16-сентябрга чейин күчүндө болот.

Башкы банктан коммерциялык банктар накталай долларды чыгарып жатканда «эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, Кыргызстандын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын так сакташы» керектигин белгилешти.

Убактылуу алынып жаткан чектөөнү Улуттук банк 2022-жылдын мартында киргизген. Анда башкы банк накталай долларды өлкөдөн чыгарууга тыюу «экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында» киргизилгенин билдиришкен.

Ошол эле учурда өлкөдө жеке жактардын өлкөдөн накталай долларды алып чыгып кетүүсүнө салынган тыюу дагы деле күчүндө. Министрлер кабинети бул чектөөнү 2023-жылдын январында киргизген болчу. Резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден көп, ал эми Кыргызстандын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден көп накталай АКШ долларын чыгарууга болбойт.