«Баары жабылсын». Фейктердин журналисттерди «эл душманы» көрсөткөн каралоосу

Соцтүйүндү карап отурсаң комментарийден кыргыз ысымдарына жамынган якут саясатчыларын, бурят ишкерлерин жана тувалык сулууларды көрөсүң. Баары тең коёндош окшош постторду чыгарып, журналисттерди жамандап, тимеле (эч ким билбей калчудай болуп) реалдуу колдонуучу көрүнгүсү келет. Кыскасы, көз карандысыз ЖМКны каралаган фейктер тууралуу, алар кимдерди жаман көрөрүн айтып беребиз.