Соцтармактагы бийликчил фейктер журналисттерди, бейөкмөт уюмдарды жана активисттерди каралоо менен бирге, айрым саясий ишмерлерди, аткаминерлерди мактап же тескерисинче сындап турушат. Айрымдарын жакшы жагынан көрсөтүүгө далалат кылышса, кээсин жамандашат.

Биз анонимдүү аккаунттардын жандануусу Кыргызстандагы маанилүү саясий окуялардын — чоң кызматка дайындоо жана жогорку даражалуу сыйлыктарды ыйгаруу сыяктуу көрүнүштүн жышааны болуп калганын байкадык.