Кыргызстандагы мамлекеттик телеканалдар казынадан каржыланат жана бийликке ким келбесин мактай берет. 2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров Коомдук телерадио корпорациясынын макамын «улуттукка» алмаштырган, мындан кийин мамканалдын мактоосу ансайын күчөдү.

Эми коомчулук УТРКны мурдагыдай тескей албайт, ал эми президент корпорациянын жетекчилигин да өзү дайындайт.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик каналдар кантип президент Садыр Жапаровдун позитивдүү образын түзүп, жайылтып жатат? Бул үчүн биздин топ УТРК, «Ала-Тоо 24» жана ЭлТР каналдарынын чыгарылыштарын анализдеп чыкты.