Пропаганданын изи менен. Адамдардын башын айландыруунун кылымдан кылымга өткөн ыкмасы

Ымыркайларды өлтүрүү, кудуктагы сууну ууландыруу, керек болсо мышыктарга сыйынуу — ЖМК менен интернет пайда болгонго чейинки пропаганданын темалары ушундай болгон. 

Эгер сиз пропаганда пресса пайда болгондон кийин өнүккөн десеңиз жаңылышасыз — адамдар жана аларды башкаргысы келген лидерлер болгондон тартып пропаганда дайыма эле болуп келген.