Тамчы аэропортунда катуу жааган жамгырда чатырынан суу акты

Ысык-Көл облусунун Тамчы шаарынын аэропортунда 6-июлда катуу жамгыр жаап, аэропорттун чатырынан суу акты. Анын видеосун соцтүйүн колдонуучулары таратышты.


«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы «Клоопко» суу «Ысык-Көл» аэропортунун каттоо зонасында болгонун билдирди. Мөндүр аралаш катуу жаандан суу агып түшүүчү түтүктөр толуп калган.

«Баары жаарым саатын ичинде калыбына келтирилди. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, учуулар кармалган жок», — деп билдирди басма сөз катчы.