Макала «Пикирлер» рубрикасына жарыяланды — бул автордун жеке көз карашы дегенди түшүндүрөт. Материалдын автору — Бектур Искендер, «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы башкы редактору. 

«Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы Кыргызстандын Маданият министрлиги менен тынчтык келишимин түзгөндөн кийин ишин жандантмай болду. Окуянын мындай өңүтү мени абдан капалантты. Бул текстте анын себебин түшүндүрүп берем. 

Кыргызстанда Маданият министрлиги бир гана маданият тармагын тейлебейт — Жапаров башкарган Кыргызстанда бул мекеме расмий цензорго айланды, сөз эркиндигине байланышкан тармакты жазалоочу орган болуп калды

Аталган министрлик менен кандай келишимге түзүлбөсүн, мен муну бүткүл медиа-коомчулуктун утулганы деп эсептейм. «Азаттык» уюшкан кылмыштуулук менен кызматташкан, атаандаштарын абакка камап, цензура киргизген бийлик менен келишимге барды. 

Алгач контекстке кайтып келсек. 

Эмне болду эле?

«Азаттык» менен мамлекеттин ортосундагы чыр эмнеден чыкты? Расмий версия боюнча, 2022-жылы сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан куралдуу кагылышууну чагылдырылган «Настоящее время. Азия» каналынын эфири «Азаттыктын» барактарына жарыяланганы себеп болгон. 

Эмнеге бул видеонун кесепети «Азаттыкка» келип тийди? Мамлекет «Азаттык» ошол эфирде «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген, анык эмес маалымат» жарыялады деп билдирген. 

Чын эле ошондой болгонбу? 

Мен эфирди кайрадан көрүп чыктым. Анда кайсы маалымат анык эмес экенин, анан калса «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келерин» түшүнө албай турам. Анчалык эле «Азаттык» менен «Настоящее время. Азияны» айыптаса, эфирде Кыргызстандын позициясына, майда-баратына көбүрөөк убакыт берилген деп күнөөлөсө болчудай.  

Видеодо Тажикстандын позициясы тажик бийлигинин айткандарын кайталоо жана соцтармактан алынган бир видео менен берилген. Эфирге кошулган «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисти Тажикстан тараптан каза болгондор жана жаракат алгандардын болжолдуу санын да айта алган эмес. Анткени ал кезде маалымат таптакыр жок болчу. 

Кыргызстандын позициясына салыштырмалуу көп убакыт берилген. Журналист Камилла Валиева кеңири маалымат берип, анын ичинде Кыргызстандын ичиндеги жүздөн ашык качкындар тууралуу айтып жатат. Эфирге кыргыз атайын кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевдин интервьюсунан алынган фрагмент колдонулуп, ал эми кыргыз айылындагы мектепке тажик байрагы орнотулган эпизодду саясат таануучу менен талкуулашкан. 

Кыргыз мектебине тажик туусу сайылганын талкуулаган эпизод.

Менин оюмча, мындай эфирден кийин «Азаттыкты» Кыргызстанда эмес, Тажикстанда бөгөттөсө таң калыштуу болбойт эле. 

Анда Кыргызстандын бийлиги эмнеге мындай реакция кылды? 

Анткени бийлик «Азаттыктын» оозун басуунун оңтоюн таппай жүргөндө бул окуя жакшы шылтоо болуп берди. Президент Жапаров бийликке келгенден тартып «Азаттыкка» кыжырданып жүргөн. Баса, жүк ташуу империясынын башчысы, кыргыз бажысы менен түзүлгөн коррупциялык схеманын жардамы менен жүз миллиондогон долларды мыйзамсыз тапкан Хабибулла Абдукадыр жөнүндөгү журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири да «Азаттык» эмеспи.   

Ал эми президент Жапаров Абдукадыр менен ынак. Бул жерде Бишкектин чет-жакасындагы кымбат баалуу мечиттин курулушун ачуу салтанатында экөө ээрчишип жүргөнүн көрүүгө болот.

Кыргызстандын жашоочулары кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан улам кабыргасы кайышып турганда, аларга «Азаттык» жалганчы жана саткын деп ишендирүү түккө турган эмес. 

Эмнеге мен «Азаттыкты» сындайм?  

«Азаттык» («Настоящее время. Азия» сыяктуу эле) бир жылдык бюджети 146 миллион долларга барабар «Эркин Европа радиосу / Европа радиосу» аттуу ири медиа конгломератка карайт. 

Алардын кайсы гана өлкөдө болбосун, жемкор бийлик менен келишимге барбай койгонго дарамети жетет. Керек болсо, «Азаттык» радиосунун айрым кызматтары Түркмөнстандагы, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жана орусиялык колониялардагы жергиликтүү кабарчылар менен кызматташып, чыныгы каармандык көрсөтүп келишет.  

Бирок Кыргызстанда «Азаттык» бул эфирди өчүрүп, бийликтин акылга сыйбас талаптарына баш ийип отурат.  

Эмнеге? 

Биз мындан ары эмне кылабыз? 

Биз, «Клооп» багынууну каалабайбыз. «Настоящее время. Азия» басылмасынын жеткиликсиз болуп калган эфирин атайылап өзүбүздүн баракчаларга жайгаштырабыз. Бул үчүн бийлик бизди бөгөттөй турган болсо, «Азаттык» эмне деп чагылдырат болду экен? Кызык. 

Басымга туруштук берүү үчүн биздин ресурстарыбыз кыйла азыраак, бирок кандай гана бийлик болбосун — анын ичинде азыркы аскерий кылмышкерлердин режиминин жемкор шериктери — сын айтканы үчүн эч кимдин оозун баспашы үчүн күрөштү улантабыз.