Материалдын түпнускасын «ПолитКлиника» басылмасынын сайтынан окуй аласыз. Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова, Эркайым Асанканова

Акыркы жылдары Кыргызстанда температура рекорддору жаңыланып, абанын температурасы 40 даражадан ашты. Бишкек жана анын чет жакасы ичүүчү суунун жетишсиздигинен жапа чегип, эл ысыктан кыйналууда. Ал эми эки жыл мурун, 2021-жылы жер шары аномалдуу ысык толкунуна күбө болгон. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча температуранын рекорддору жаңыланып, токойлор өрттөнүп, кургакчылык орун алган.

«ПолитКлиниканын» журналисттери лиматтын өзгөрүшүнүн кандай кесепеттерине туш болуп жатканыбызды жана келечекте эмнени күтүшүбүз керек экенин карап чыгышты.

Барган сайын ысык болуп баратат

Акыркы бир нече жыл ичинде температуранын рекорддору кайра-кайра жаңыланып, тилекке каршы, бул көрүнүштөр тынчсызданууну жаратууда. Биз Кыргызстанда абанын температурасы канча даражага жогорулаганын анализдеп көрдүк.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өткөн кылымдын башынан 2021-жылга чейин орточо жылдык температура 2,39 даражага жогорулаган. Төмөндө акыркы 121 жылда орточо жылдык температура кандай өзгөргөнүн көрө аласыз.

Жогорудагы графиктен абанын температурасы жылдан жылга өсүп жатканын көрүүгө болот. Айрыкча, температуранын кескин өсүшү 1990-жылдардын ортосунан бери байкалган. Климатолог Зоя Кретованын изилдөөсүнө ылайык, айларга бөлүп караганда 1976-2019-жылдар аралыгында февраль жана жаз айларында температуранын бат жогорулашы байкалган.

Жаз күндөрүнүн ысык болуп жатканын климатологдор гана эмес, сиз да байкаган чыгарсыз. Бул жай мезгилинде ысыктык стресстин күчөшүнө жана ысык күндөрдүн көп болушуна алып келет. Аба температурасынын жогорулашына байланыштуу жай мезгилинде өлкөдө абанын температурасы 30°С ашкан ысык күндөрдүн жана түнкүсүн 20°С ашкан тропикалык түндөрдүн саны көбөйдү. Эгерде 1981-2010-жылдары бир жылда 66 ысык күн болсо, 2010-жылдан бери ысык күндөрдүн саны 77 күнгө жетип, тропикалык түндөрдүн саны бир жумага же 15 түндөн 21 түнгө көбөйгөн.

Ошентип акыркы он жылдыктарда жай узарып, ысыктык стресстин күчөшү байкалууда. Ал эми бул биринчи кезекте адамдын ден-соолугуна, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына, табигый кырсыктардын санына жана масштабына таасирин тийгизет.

Кыргызстан мөңгүсүз калышы мүмкүн

Кыргызстан - Борбор Азиядагы эң ири мөңгү аймактарынын бири. Өлкөнүн дээрлик бардык тоо кыркаларында мөңгү бар. Бул мөңгүлөр нымдуулуктун олуттуу булагы болуп саналат жана аларда топтолгон кар жана муз ресурстары жылдын жылуу мезгилинде керектелет. Айрыкча, мөңгү суунун бирден-бир булагы болуп калган кургакчыл жылдарда бул ресурстардын ролу жогорулайт.

Бирок климаттын өзгөрүшүнө жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу мөңгүлөрүбүздөн ажырап калышыбыз мүмкүн. 2018-жылы окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн каталогун ачыкташкан. Бул каталог заманбап спутниктердин жардамы менен түзүлүп, азыр да толукталууда. Каталогдогу маалыматтар боюнча, өлкөдө 9959 мөңгү бар. Азыркы каталог менен өткөн кылымдын 40-70-жылдары түзүлгөн СССРдеги мөңгүлөрдүн каталогун салыштырып көрүп, мөңгүлөрдүн саны 1795ке көбөйгөнүн байкадык. Бирок бул жаңы мөңгүлөр пайда болду дегенди билдирбейт. Чоң мөңгүлөр эрип, бир нече майда мөңгүлөргө бөлүнгөндүктөн алардын саны көбөйгөн. Бул жерде көңүл буруучу нерсе – мөңгүлөрдүн аянты: 70 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мөңгү зонасы 16%га кыскарган.

Жогоруда көрүнүп тургандай, мөңгүлөрдүн азайышы тез темп менен жүрүп жатат. Эми мөңгүлөрдүн деградациясынын конкреттүү мисалын карап көрөлү. Төмөндө борбор азиялык жер изилдөө институтунун спутниктен тартылган сүрөтүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Петров мөңгүсүн көрүүгө болот.

Бул мөңгүнүн аянты 1980-жылы 64 чарчы километрди түзгөн. 41 жылдан бери мөңгүнүн аянты жылына 0,084 чарчы км ылдамдыкта азайып, 2021-жылга карата мөңгүнүн жалпы аянты 3,51 чарчы километрге кыскарган.

Борбор Азия жер изилдөө институтунун «Климат, суу жана жаратылыш ресурстары» бөлүмүнүн башчысы, география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиевдин айтымында, мөңгүлөрдүн азайышына абанын температурасынын жогорулашы жана климаттын өзгөрүшү таасирин тийгизүүдө:

«Мөңгүлөр абанын температурасынын өзгөрүшүнүн ачык көрсөткүчү болуп саналат. Мөңгүлөр температуранын жогорулашына же төмөндөшүнө байкаларлык реакция берет. Албетте, мөңгүлөр тоо кыркаларынын бийиктигине, мөңгүлөрдүн түрүнө, жайгашкан жерине, рельефине жараша эрийт. Бирок температуранын жогорулашы өлкөдөгү мөңгүлөрдүн азайышынын негизги себеби болуп саналат. Өткөн кылымдын 70-жылдарынан тарта Кыргызстанда абанын температурасынын кескин жогорулашы байкалган. Буга байланыштуу мөңгүлөрдүн басымдуу бөлүгү кыскарууда», — дейт Рыскул Усубалиев.

Усубалиев белгилегендей, температуранын азыркы таптагы жогорулашы менен Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мөңгүлөрдүн азайышы байкалууда.

Окумуштуунун айтымында, климаттын өзгөрүшү кар жана жамгыр түрүндөгү жаан-чачындын азайып, мөңгүлөрдөгү муз корунун да азайышына алып келди.

Климат жана энергетика

Суу энергетиканын ажырагыс бөлүгү, ал эми Токтогул суу сактагычы Кыргызстандын электр энергиясынын негизги булагы болуп саналат. Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу суу сактагычтагы суунун көлөмүнөн көз каранды. Бирок климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу суу сактагычтын толуусу жыл сайын азайып баратат. Буга Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын маалыматы далил. Мисалы, быйыл июнь айынын башында акыркы беш жылдагы суунун эң төмөнкү деңгээли байкалды.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычындагы суунун эң төмөнкү чеги - 5 млрд. куб метр. Бул деңгээлде жана мындан ылдый түшкөндө станциянын турбиналары электр энергиясын өндүрө албай калат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөөсү бир нече себептерден улам келип чыккан. Алар - ресурстарды эффективдүү эмес башкаруу жана ысырапкорчулук. Бирок негизгиси - экологиялык себеп.

География илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиевдин айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөн болуп жатышы кар жана жаан-чачындын азайышына алып келген климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштуу.

«Токтогул суу сактагычынын толуусу түздөн-түз табигый шарттардан көз каранды. Ооба, былтыркыга караганда быйыл суу аз. Анткени өткөн жылдарга салыштырмалуу былтыр жаан-чачын жана кар аз жааган. Токтогул ГЭСи жайгашкан Нарын дарыясынын алабында былтыр жана быйыл суу ресурстарынын запастары аз болууда», — деди Усубалиев.

Кыргызстандын Улуттук электр тармактары да суунун жетишсиздигин жаратылыш шарттарынын өзгөрүшү менен түшүндүрдү. Мекеме жаздын кургак болушу жана аба-ырайынын өзгөрүшү суунун агымына таасирин тийгизгенин белгиледи.

Кургакчылык жана баалардын көтөрүлүшү

Катуу кургакчылык жана сугат суунун жетишсиздиги азык-түлүктүн кымбатташына алып келет. Кыргызстанда 2021-жылы азык-түлүккө болгон баа кескин өскөн. Ал жылы көптөгөн чарбалар сугат суунун жетишсиздигинен жана ысыктан жапа чеккен. 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы продукциянын 16 түрүнүн 13үндө гектарынан алынган түшүм азайган. Мисалы, кант кызылчасынын түшүмү 33 пайызга төмөндөп кеткен. Мурдагы жылы башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү канчага төмөндөп кеткенин талдап көрдүк.

Түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнөн жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринен улам дыйкандар өндүргөн продукциясын кымбат сата башташкан.

Биз Кыргызстанда өндүрүлгөн негизги айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн өздүк наркын салыштырып көрдүк. 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы азык-түлүк баасы орто эсеп менен 20%га кымбаттаган. 2014-жылдагы кургакчылыктын кесепеттери сыяктуу эле баанын кескин өсүшү 2015-жылы да байкалган. Ошол жылы кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөгөн. Мисалы, буудайдын түшүмү үчтөн бир, арпанын түшүмү 40%га азайган.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айыл чарба жана тамак-аш продукттарынын баасы көтөрүлүп, андан да кымбатташы мүмкүн. Эл аралык эксперттер азыртадан эле коңгуроо кагып, дүйнөдөгү массалык ачарчылык, жаңы инфекциялардын жана зыянкечтердин коркунучу тууралуу айтып келишет.

2021-жылдагы кургакчылыктын Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк бааларына тийгизген таасири тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз.

Алдыдагы беш жыл мындан да ысык болот

Биз азыр көрүп жаткан ысыктын толкуну кийинки беш жылда мындан да күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык кызматтын жаңы бюллетенинде айтылат. Изилдөөчүлөр келерки беш жылдыктын жок дегенде бир жылы жана жалпысынан бул беш жылдык мөөнөт тарыхтагы эң жылуу жылдар болуу ыктымалдыгы 98%ды түзөт деп ырасташат. Окумуштуулардын айтымында, глобалдык орточо жылдык температуранын өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5°С ашуу ыктымалдуулугу 66%ды түзөт.

«Бул ден-соолук, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстарын башкаруу жана айлана-чөйрө үчүн чоң кесепеттерге алып келет. Биз даяр болушубуз керек», — деген өз билдирүүсүндө Дүйнөлүк метеорологиялык кызматтын башкы катчысы Петтери Таалас.

Мындан сырткары, окумуштуулар жер жүзүндө глобалдык аба температурасынын жогорулашы кайтарылгыс кесепеттерге алып келерин айтышууда.

Климаттын өзгөрүүсү миграцияны пайда кылат

Ысык аба-ырайы, кургакчылык, суу жана тамак-аш кризиси массалык миграцияны пайда кылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын баяндамасында айтылат. Изилдөөлөргө ылайык, 2050-жылга чейин климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн алты аймагындагы, анын ичинде Борбор Азиядагы 216 миллион адамды өз өлкөсүнүн башка аймактарына көчүп кетүүгө мажбурлашы мүмкүн.

«Ички климаттык миграция 2030-жылы эле пайда болушу мүмкүн жана 2050-жылга жакындаган сайын бул процесстин масштабынын жана интенсивдүүлүгүнүн өсүшү уланат. Ошентип 2050-жылга чейин Чыгыш Европа менен Борбор Азияда 5,1 миллионго жакын “климаттык” мигранттар пайда болушу мүмкүн. Алардын ичинен 2,4 миллиону Борбор Азиядан. Казакстандын түштүк чек арасындагы аймактар, Өзбекстан менен Тажикстандын Фергана өрөөнүнө чектеш аймактар, ошондой эле Бишкектин айланасындагы жерлер “климаттык” мигранттардын агылып чыгуучу зонасына айланары күтүлүүдө», - деп айтылат Дүйнөлүк банктын баяндамасында.

Учурда суунун жетишсиздиги, түшүмдүн азайуусу, анын жыйынтыгы катары баалардын өсүүсү байкалып жатканын эске алганда изилдөөчүлөрдүн божомолдору чындыкка айланышы толук мүмкүн. Бул учурда эмне кылуу керек? Чындап эле ачкачылык жана миграцияга туш болобузбу?

Абалды канткенде өзгөртө алабыз?

2015-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү БУУнун демилгеси алкагында климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине кол коюшкан. Бул келишим глобалдык парник газдарынын эмиссиясын олуттуу кыскартууга жана 21-кылымда глобалдык температуранын 2 градус Цельсийге чейин көтөрүлүшүн чектөөгө багытталган. Ошол эле учурда бардык өлкөлөр температуранын 1,5 градуска чейин жогорулашын чектөөнүн жолдорун издөөгө аракет кылышы керек. Мындай көрсөткүчтөр глобалдык жылуулукту ооздуктаганга жардам бере алат.

Кыргызстан бул келишимге 2019-жылы кол коюп, ратификациялаган. 2021-жылы Париж келишимине жаңыланган улуттук салымдын планын сунуштаган. Бул планга ылайык, Кыргызстан 2025-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 16,6% кыскартууга ниеттенүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Азамат Темиркуловдун айтымында, өкмөт алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Ал белгилегендей, өткөн жылы 800 миллиондон ашуун ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, газ менен жүрүүчү автобустар сатып алынган жана учурда электромобилдер үчүн станциялар курулуп жатат. Ошондой эле, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялар тартылууда:

«Азыр өлкөдө жалпы суммасы 100 миллион долларга жакын долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бирок бул долбоорлордун баары бизге жарандарыбыз жардам бербесе олуттуу жыйынтык бербейт. Өкмөт жаранга үйдү кандай отун менен жылытыш керек, кандай унааны колдонуу керектигин айтууга укугу жок. Андыктан жарандарыбыздан таштандыны өрттөбөй, сапаттуу күйүүчү майды колдонуп, унааны көзөмөлгө алып, керек болсо оңдоп турууну суранабыз. Мына ушундай жол менен гана максаттарыбызга жете алабыз», - деди Азамат Темиркулов.

Бирок эколог Анара Султангазиеванын айтымында, бул пландардын бардыгы эле ойдогудай аткарылбай жатат. Ал Кыргызстан алдыга коюлган пландын жок дегенде 50%дан кем эмесин аткарса, жыйынтык чыгарын белгиледи.

«Ооба, азыркы өкмөт экологияга жакшы көңүл буруп жатат. Жакшы стратегиялык пландар бар. Бирок биз мониторинг жүргүзүп, 5, 10 жылдык пландардын бардыгы 20%га гана аткарылып жатканын аныктадык. Буга каражаттын жана адистердин жетишсиздиги себеп болууда», - дейт Анара Султангазиева.

Ал ошондой эле Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө сезимтал өлкө экенин жана бул өзгөрүүлөрдүн баары кыргызстандыктарга таасирин тийгизерин белгиледи.


«Бул материал Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын редакторлору — Савия Хасанова жана Александр Богачев. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт».