Алимардон Шүкүров Конференциялар лигасындагы өзүнүн алгачкы матчында чечүүчү голду жаратты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 23 жаштагы жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров УЕФА Конференциялар лигасынын квалификациясында Лихтенштейндин «Вадуцо» клубу менен болгон алгачкы матчында өзү ойногон «Неман» клубуна жеңишти камсыздаган голду киргизди. Беларус клубу 2:1 эсебинде жеңди.

Шүкүров талаага оюнду баштаган курамда чыкты. «Неман» 22-мүнөттө жарым коргоочу Фабрицио Кавендин соккусунан кийин дарбазасына гол өткөрүп жиберди. Бирок Беларус клубу 29-мүнөттө эсепти теңдеди — чабуулчу Егор Зубович «Вадуцтун» коргоочуларынын одоно катасын пайдаланып, гол киргизди.

Ал эми Шүкүров 82-мүнөттө штрафтык линиядан топту тосуп алып, дарбазанын оң бурчуна урган катуу соккусу менен чечүүчү голду жаратты. 

Эми бул эки команданын ортосундагы кийинки жооптуу оюн 20-июлда Беларуста өтөт. 


Алимардон Шүкүров «Неманга» 2021-жылдын февралында өткөн. Ал «Вадуцо» менен болгон беттеште еврокубоктогу биринчи оюнуна чыкты. Ушуну менен Шүкүров еврокубоктордо ойногон жетинчи кыргызстандык футболчу болду

УЕФА Конференциялар лигасы — Чемпиондор лигасы менен Европа лигасынан кийин эле турган үчүнчү маанилүү Европа кубогунун турнири болуп саналат.