Жакупова Европарламенттин Кыргызстан боюнча резолюциясы «акыркы эскертүү» экенин айтты

Европарламент Кыргызстан боюнча резолюциясын талкуулап кабыл алды. Резолюцияда Кыргызстанда соңку жылы адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени айтылат.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова резолюцияга комментарий берип, бул Кыргызстанга өлкөдөгү «демократиялык мейкиндик тарыганы» үчүн «акыркы эскертүү» болуп эсептелерин билдирди.

Европарламенттин резолюциясы

Европарламенттин депутаттары 13-июлда Страсбург шаарында (Франция) өткөн жыйында Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине карата басым тууралуу резолюциясын кабыл алышты. Добушка коюлган резолюцияны 469 депутаттын 320сы колдоду.

Ага чейин депутаттар резолюцияны талкуулашып, анын жарыяланган текстинде Кыргызстанда 2022-жылдын январынан тартып адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген.

Европарламент резолюцияда Кыргызстандын бийлигин Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык негизги эркиндиктерди, анын ичинде ЖМК жана пикир билдирүү эркиндигин урматтоого жана колдоого чакырган.

Ошондой эле Европарламент Кыргызстанды «ЖМК жөнүндөгү», «Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» (президенттин администрациясы демилгелеген), «Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү» (депутаттардан турган топ демилгелеген), балдарга «зыяндуу» маалымат таркатуу үчүн айып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун артка чакыртып алууга үндөгөн.

Андан тышкары, резолюцияда туш келди кармалган бардык укук коргоочуларды, ЖМК кызматкерлерин жана журналисттерди токтоосуз түрдө бошотуу, ошондой эле Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировго жана Next TV телеканалынын мурдагы жетекчиси Таалайбек Дүйшөнбиевге тагылган айыптарды алуу чакырыгы айтылган.

Мындан тышкары, алар кыргыз бийлигин ЖМКга басымын токтотуп, жарандык коомдун уюмдарына, журналисттерге жана ЖМКнын кызматкерлерине коопсуз иш шарттарын түзүп берүүгө үндөштү.

«Акыркы эскертүү»

Жакупова мурдараак «бардык эл аралык Европа институттары Кыргызстанда демократиялык мейкиндик тарып баратканына байланыштуу бир нече ирет эскертүүлөрдү жасашканын» белгилеп, Европарламенттин резолюциясын «акыркы эскертүү» деп баалап, андан кийин экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

«Алар айрыкча эки мыйзам демилгесине, ЖМК жана НКО боюнча көңүл бурушту. [...] Европарламенттин депутаттары үч укукка байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти — алар адамдардын өз оюн эркин билдирүү, эркин уюшуу укугу, бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жана тынч митингдерди өткөрүү укуктары. Ошондой эле блогер, активист жана башкалардын укуктарын бузуу менен кармалышына көңүл бурушту», — деп жазды «Азаттык» Жакупованын айткандарын.

Анын айтымында, документте европалык институттар үчүн бүтүмдөр да камтылган, анда алар өздөрүнүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү боюнча программаларын кайра карап чыгуулары керектиги айтылган.

«Башкача айтканда, мунун арты менен экономикалык чаралар көрүлүп, европалык институттар тарабынан каржыланган программалар токтошу мүмкүн деп эскертишүүдө. Биздин бийлик буга көз жумуп коюшу мүмкүн, бирок бул жерде эскертүү болуп атат, санкциялар кабыл алынып, программалар жабылышы мүмкүн. Бийлик тыянагын чыгарып, мыйзам демилгелерин чакыртып алышы керек. Болбосо биз обочодо калабыз. Биз башка дүйнөдөн обочодо калганга канчалык кызыктарбыз?» — деди Жакупова.

Май айында маалымат эркиндигин коргогон «Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча өзүнүн глобалдык рейтингин жарыялаган. Ага ылайык, Кыргызстан 72-орундан 122-сапка түшүп кеткен.