Соң-Көл — деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте Тянь-Шань тоолорунун арасында жайгашкан, жаратылышы кооз ири көлдөрдүн бири. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндө орун алган.
Тоо койнундагы көлдүн көз жоосун алган жаратылышын көрүүнү кыялданып жүрөсүзбү? «Клооп» Соң-Көлдөн тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.
Соң-Көлгө унаа менен эки жол аркылуу барууга болот — шагыл жолдун бири Кочкор районундагы, экинчиси Ак-Талаа районундагы тоо боорун аралап өтөт.
Аянты 278 чарчы километрди түзгөн көлдүн узуну 29, туурасы 18 чакырымга созулат. Ал эми көлдүн тереңдиги — чыгыш тарабында 10-15 метр болсо, батыш бөлүгүндө 22 метрге жетет.
Соң-Көлгө бийик тоолордон түшкөн 20дан ашык майда суу келип куюп, бир гана Кажырты суусу агып чыгат. Ал суу Нарын дарыясына барып кошулат.
Көлдү балыктын бири нече түрү байырлайт. Ал жерде канаттуулардын 100дөн ашык түрү бар — алардын 17си Кыргызстандын, 18и эл аралык Жаратылышты коргоо союзунун кызыл китебине кирген.
Соң-Көлдүн бештен бир бөлүгүндө Кара-Тал — Жапырык мамлекеттик коругу орун алган. Канаттуулардын көпчүлүгү коруктагы аймакты байырлап, балапан чыгарат. Көлгө байкоо жүргүзгөн экологдор саздак аймакты кайтарууга алган.
Ал эми көлдөгү жайытка жыл сайын Нарындын төрт районунан чабандар көчүп келип, мал багышат. Алардан тышкары көлгө атайын туристтерди кабыл алуу үчүн боз үйлөрдү уюштурган жергиликтүү ишкерлер да барышат.
Көл жээктей жайгашкан боз үйдүн ээлери Бишкектеги туристтик компаниялар менен иштешет. Июндан сентябрдын аягына чейин Америка, Англия, Франция, Германия, Малайзия жана башка чет өлкөдөн туристтер келет.
Соң-Көл 2011-жылдан бери эл аралык конвенцияга ылайык, суулуу, саздак жерлердин тизмесине кирген. Акыркы жылдары экологдор ири көлдөрдүн жаратылышына тынчсызданышууда. Алар көлдөгү тоют чөптөргө, жан-жаныбарларга астейдил мамиле кылып, коргоого алуу керектигин белгилешет.
Сүрөттөрдүн автору: Найзабек Мукамбетов / «Клооп».