Сүрөт: Кайдыгер эмес жарандар ойдуңга кулаган унанын жүргүнчүлөрүн алып чыгышты

25-июлда Таш-Көмүр — Кара-Көл автожолунда бараткан жеңил унаа ойдуңга кулаган. Бул тууралуу экоактивист жана фотожурналист Влад Ушаков Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, аталган тилкеден өтүп бараткан кайдыгер эмес жарандар ойдуңга кулаган машинанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү алып чыгуу үчүн тизилип алып жардам көрсөтүшкөн.

«Бүгүн биздин көп улуттуу элибиздин олуттуу сыноонун алдында бат, эч кылчактабастан, эффективдүү чогула калган жөндөмүнө дагы бир жолу таң калдым», — деп жазды Ушаков, жеринде тартылган сүрөттөрдү чыгарып.

Кайдыгер эмес адамдар машина менен ойдуңга кулап, жабыр тарткан жарандарды алып чыгып жатышат. Сүрөт: Влад Ушаков.

ӨКМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» жол кырсыгы Бишкек — Ош жолунун 403-чакырымындагы Кара-Жыгач тилкесинде болгонун билдиришти. Алдын ала маалыматка ылайык, айдоочу унаанын башкара албай калып ойдуңга кулаган.

Жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам жабыркаган — үч аял жана бир кичинекей бала. Аялдардын бири алган жараатынан улам көз жумган, анын тек-жайы такталууда. Жабыркагандар медицина кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Автору: Медина Шамшидинова