Жогорку Кеңещте эл өкүлдөрүнүн тобу Депутаттардын этикасы жөнүндөгү кодекстин долбоорун иштеп чыкты. Документ 25-июлда коомдук талкууга коюлду.
Кодекстин долбоорун депутаттар Нурланбек Азыгалиев, Чолпон Султанбекова, Дастан Жумабеков, Замирбек Мамасадыков, Марлен Маматалиев, Айбек Алтынбеков, Гүлшаркан Култаева, Эмил Токтошев, Таалайбек кызы Жылдыз, Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев иштеп чыккан.
Документ өзү депутаттардын жыйындардагы, шайлоочулар, ЖМК, аткаминерлер, жергиликтүү бийлик жана башка маектештер менен иштөөдөгү жүрүм-турумдарынын эрежелерин жөнгө салган 11 бөлүмдөн турат.
Алсак, Кодекстин долбооруна ылайык, депутат Жогорку Кеңештин беделине жана жалпы эле мамлекетке залал келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштен жана жосундардан алыс болууга тийиш. Эл өкүлү башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын сыйлоого тийиш. Ошондой эле башка депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүчү, ошондой эле кемсинтүүчү формадагы кеп-сөздү айтууга жол бербеши керек.
Ошондой эле эл өкүлүнөн ал «өз сөзүндө башка депутат жөнүндө терс пикир айтуу ниетин билдиргиси келсе ошол депутатка ал боюнча сылыктык иретинде эскертип коюшу» күтүлөт. Ал эми өзүн кесиптешинин кемсинтүүсүнө кабылдым деген депутат андан көпчүлүк алдында кечирим суроону талап кыла алат же ар-намысы, кадыр-баркы жана ишкердик беделин коргоо үчүн сотко кайрыла алат.
Депутат көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөөдө кыргызча да, орусча да сүйлөй алат. Эл өкүлү башка сүйлөп жаткан кишинин сөзүн бөлбөй угушу керек. Депутаттар парламент жыйындарына расмий мүнөзүнө шайкеш келген иш стилиндеги кийим кийип келүүгө, ал эми Жогорку Кеңештин жыйындарында мобилдик байланыш каражаттарын үнсүз режимге которуп коюуга тийиш.
Депутаттарды ошондой эле ар айдын аягында өзүнүн жыйналыштарга катышпаганы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Жүйөлүү себепсиз 10дон ашык жыйынга катышпаган депутаттарды мыйзамдарга ылайык эмгек акысынын бөлүгүнөн ажыратылмакчы.
Парламентте ар кандай асылууларга, анын ичинде сексуалдык асылууларга тыюу салынат. Ошондой эле теги, расасы, улуту, дин тутуусу жана диний ынанымдары же жеке же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча басмырлоонун ар кандай түрүнө, укуктарды жана эркиндиктерди кемсинтүүгө тыюу салынат.
Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринен депутаттар тарабынан алардын укуктарынын бузулушу, басмырланышы же кысым көрсөтүлүшү тууралуу келип түшкөн даттануулар, анын ичинде ар кандай сексуалдык, моралдык асылууларга же ылайыксыз жүрүм-турумга айыптоолор өтө олуттуу териштирилиши керек.
Ошондой эле Кодекстин долбоорунда депуттарга материалдык сый акы алып, кайсы бир маселени Жогорку Кеңеште сүрөгөнгө тыюу салуу сунушталган. Эгерде талкууга депутат өзү кызыктар болгон же мындан ары кызыкдар болушу мүмкүн маселе коюлуп жатса, анда ал бул тууралу талкуу башталганга чейин билдирип коюга милдеттүү.
Мындан тышкары, депутат үчүнчү жактардан кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сый акы албоого тийиш.
Жогорку Кеңеш мамлекеттин мыйзам чыгаруучу органы. Ал 90 депутаттан турат. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.