«Алабуга». Кыргызстан аскердик дрон чогулткан ишкана менен жумушка орноштуруу келишимин түзгөн

Быйыл май айынын аягында Эмгек министрлиги Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору менен Татарстан республикасынын «Алабуга» өзгөчө экономикалык зонасынын ортосунда жарандарды Орусияга жумушка орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюлганын маалымдаган. Мекемеден мындан ары «кыргызстандыктар Европанын эң мыкты өзгөчө экономикалык аймагында мыйзамдуу түрдө ишке орношо алат» деп белгилешкен.

Бирок, журналисттер Татарстанда ирандык «Шахед» учкучсуз учуучу аппараттарын массалык өндүрүү уюштурулганын, аны чогултууга жергиликтүү коллеждин студенттери тартылып жатканын аныктап чыгышты.

«Алабуга» деген эмне?

«Алабуга» — Татарстандын Елабужск районунда жайгашкан өзгөчө экономикалык зона (ӨЭЗ). 2015-жылдан 2017-жылга чейин ал fDiIntelligence журналынын версиясы боюнча, ири бизнес үчүн Европадагы эң мыкты ӨЭЗ деп табылган.

Бирок 2022-жылдын февралында орус аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салып киргенден кийин «Алабугага» резидент болуп, ал жерде ишкердик жүргүзүүнү пландаган чет өлкөлүк компаниялар пландарынан баш тартышкан. Андан тышкары, «Алабугадан» ири резиденттер да чыгып кете баштаган, алардын ичинде америкалык автоконцерн — Ford дагы бар.

«Шахедди» студенттер чогултушат

Июндун аягында — июлдун орто ченинде бир катар кыргызстандык ЖМКда жана телеграм-каналдарда «Алабуга Старт» программасына кабыл алуу башталганы тууралуу жарыялар пайда болгон. Программа 18 жаштан 22 жашка чейинки кыргызстандык кыздарга композиттик өндүрүштө 600 доллардан ашык айлык акы менен жумушка орношууну жана технологиялык коллеждердин биринде — КАИде акысыз окуу сунуштаган.

 

24-июлда «Протокол» басылмасынын жана «РЗВРТ» Ютуб каналынын журналисттери иликтөө чыгарышкан, анда «Алабуга Политех» колежинин студенттери ирандык «Шахед» (Shahed-136) сокку уруучу учкучсуз аппараттарды чогултууга тартылып жатканы айтылган.

Журналисттердин маалыматына ылайык, дрон өндүрүүдө иштеген студенттердин маянасы пландын аткарылышына жараша болот, бирок алар айына орточо 30-40 миң рубль алышат. Ал арада аталган окуу жайда «окуп жаткандар» кээде үч-төрт күн уктабастан, «дээрлик тамак жебей» иштеп жатышканын айтып беришкен.

Студенттер өздөрүнө карата мындай мамилеге эмне үчүн каршы чыгышпайт деген суроого алардын бири мындай деп жооп берген: «Баары коркушат. Мен муну айтпашым керек болчу. Жетекчилик баарыбызды айтпагыла деп өтө катуу коркутуп койгон».

Студенттердин бири журналисттерге «Алабуга» тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салынганын, анткени бул окуу келишиминде көрсөтүлгөнүн айтып берген. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, аталган документтин шарттарын бузган учурда студент бир жарымдан эки миллион рублге чейин төлөп бериши керек болот.

Ошондой эле коллеж окуп жаткандарды «патриоттук иш-чараларга» катышууга мажбурлайт. Мисалы, пейнтбол оюну, анда студенттер желегинде НАТОнун символу бар «фашисттерди» аткылашат.

Иран өндүрүмүндөгү «Шахед» (Shahed 136) дрондорун Орусия Украинага кол салууда кеңири колдонуп келет.

Бул дрондор GPS/GLONASS менен башкарылып, 30 килограммдык аскердик бөлүктү алып жүрөт жана түзүмүнүн жөнөкөйлүгү, арзандыгы менен айырмаланат. Украинанын абадан коргонуучуларына бул дрондорго каршы туруу кыйын: анткени алар өтө жапыз учушат жана алыскы аралыктан аларды аныктоо татаал.

Ракеталардан айырмаланып, дрон учурулганда маскасын ачпайт, абадан коргоонуу системасы аба мейкиндигин такай мониторинг кылып (башкача айтканда, радарды күйгүзүп) турууга аргасыз болот, муну менен душманга өзүн билдирип коёт.