Бүтүрүүчүлөрү аттестат ала албай жаткан «Ай Кью» жеке мектебинин айланасындагы чуу

Токмоктогу «Ай Кью» жеке менчик мектебин аяктаган окуучулардын ата-энелери «Клоопко» кайрылып, балдары аттестат ала албай жатканына даттанышты. Чогулгандардын айтымында, билим берүү министрлиги менен мектептин ортосундагы «түшүнбөстүктөн» улам балдар ара жолдо калды.

Ал эми билим берүү министрлигинен «Ай Кью» мектебинин экстернат жолу (бир жылда 2 классты бүтүрүү) менен окутууга лицензиясы жок экенин билдиришти. Аны менен катар, окуучулардын ата-энелери, адвокат жана мугалимдер катышкан атайын комиссия бир катар бузууларды аныктаган.

Эмне болду?

Жай башынан бери Токмок шаарындагы «Ай Кью» жеке мектебин экстернат ыкмасы менен аяктаган 84 окуучунун ата-энеси министрликке, коомчулукка жана ЖМКга кайрылып, балдарына аттестат алууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатат.

Ата-энелердин айтымында, балдары Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, ЖОЖго тапшыра турган болгондо, мектептин лицензиясына байланышкан маселеден улам аттестат албай калган.

Ата-энелердин кайрылуусуна билим берүү министрлиги реакция кылып, «Ай Кью» менчик окуу-тарбия комплекси күндүзгү жана сырттан окуу формасына лицензия алганын, бирок, экстернат (бир жылда 2 классты бүтүрүү) боюнча лицензиясы жок экенин маалымдаган.

Министрлик аты аталган мектеп буга чейин экстернатка лицензия алуу боюнча эки ирет арыз бергенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан лицензия берилбей келгенин кошумчалаган.

«Кыргызстан боюнча быйыл 152 окуучу экстернатка арыз берип, алардын 108и гана сынактан өткөн. Ал эми “Ай Кью” окуу-тарбия комплекси 84 окуучуну экстернатка лицензиясы жок окуткан. Адатта экстернатка өтө мыкты окуп, билими менен өзү теңдүү окуучулардан айырмаланган жана эки жылдык программаны бир жылда өздөштүрө алган окуучулар гана кабыл алынат. Лицензиясы жок болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт жана алар жогорку окуу жайларга кабыл алынбайт», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары, министрлик «Ай Кью» бир жылда эки классты бүтүрүш үчүн 84 окуучунун ата-энесинен ар биринен 60 миң сомдо 75 миң сомго чейин (болжолу менен жалпы алты миллион сомдон ашык) акча алганы мыйзамсыз экенин баса белгилеген. Бул каражат жарандарга кайтарылып берилиши керек деген министрлик, укук коргоо органдарын маселегекөңүл бурууга чакырган.

«Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын эч күнөөсү жок деп эсептейт жана окуучулардын укуктарын коргойт. Окуучулардын мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп беребиз», — дешкен министрликтен.
Ошондой эле, «Ай Кью» мектебинин ишмердүүлүгү канчалык мыйзамдуу экенин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Мектеп жетекчилиги эмне дейт?

«Ай Кью» жеке мектебинин директору Мадина Кубаева былтыр деле ондогон балага аттестат берилгенин, буга чейин лицензия жаатында эч кандай маселе болбогонун айтууда.

Анын айтымында, өздүк дело, журнал, бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ маалыматтарын, юридикалык каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, лицензия, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк, билим берүү министрлиги тарабынан кол коюлган уюмдун уставы, окуу пландары жана башка документтерди комиссияга өткөрүп берген.

Директор министрлик балдардын билим алуу укугун бузуп жатат деп эсептейт. Ал министрликтин балдарды башка мектептин 11-классына киргизип, кайра окутуу чечими маселени ого бетер курчутуп жатканын кошумчалайт.

«Анткени, балдар 11-класстын программасын бүтүп, билимин тастыктап, ЖРТдан жакшы балл алып, ЖОЖдорго тапшырыш керек эле. Лицензия, Билим берүү министрлигинин комиссиясы – бул балдарга тиешеси жок. Билим берүү министрлигинин жана мектептин ишинин айынан балдардын бир жыл өмүрү текке кетпеши керек», — дейт ал.

Ал эми Кубаеванын адвокаты Тимур Иманкулов «министрлик лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатканын» айтат. Ошондой эле адвокат министрлик «Ай Кьюнун» ишине «шалаакылык менен мамиле кылган, эгерде мектептин мыйзам бузуулары бар болсо, мурун эле билдирилиши керек болчу» деген ойдо.

Министрликтин жообу

Министрлик атайын комиссиянын айрым иштери боюнча 25-июлда маалымат жыйын курган.

Комиссия жеринен териштирүү жүргүзгөндө мектептики деп көрсөтүлгөн даректе ИСИТО колледжи жайгашканын көргөнүн, мугалимдерден же жетекчилигинен эч кимди жолуктура албаганын кабарлаган.

Андан тышкары, мектептин окуучулары Токмоктогу ИСИТО колледжинин жана Бишкектеги Евразия университетинин класстарында окуп келгендиги жана башка бир нече мыйзамсыз фактылар ачыкка чыккан.

Мекеме «Ай Кью» жеке мектебинин былтыркы 19 бүтүрүүчүсүнө аттестат кандайча берилгенин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылганын билдирип, күнөөлүлөр аныкталса мыйзам чегинде жазаланарын айткан.

Министрлик окуучулардын мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп бере турганын дагы бир жолу баса белгилеген.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.