Айыл чарба министрлиги: Сууну Казакстанга келишим боюнча берип жатабыз

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев Орто-Токой суу сактагычындагы суу Казакстанга сатылып жатат деген маалыматты төгүндөдү

Ал «суу — бул товар эмес жана буга [коңшу] өлкө төлөбөйт, ошондой эле алар бир дагы литр сууну сатпайт», — деп белгиледи. Анын айтымында, коңшу өлкөгө келишимге ылайык суу берилип турат. 

«Казак тарапка вегетация убагында (апрелден сентябрга чейин – ред. түшүндүрмөсү) Чу дарыясынан эле 20% сууну бөлүп беребиз. Бул илгертеден бери эле келет жатат. Ал эми жалпы бир жылдын ичиндеги Казакстандын үлүшү 42%, ал эми биздики — 58%. Ал эми вегетация убагында 20% берип, 20сын [пайызын] өзүбүзгө алып калабыз», — деп айтты Сокеев. 

Сокеевдин айтымында, быйыл Орто-Токой суу сактагычына 470 млн куб суу толтурулган. Бирок апрель айынан бери Чүй облусундагы айдоо аянттарына 8,6 млн куб суу коё берилген. Бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Өлкөдө акыркы бир нече жылдан бери жай келери менен суугат суусу тартыш боло баштады. Айрыкча көйгөй Чүй облусунда көбүрөөк байкалат.

Орто-Токой суу сактагычы Чу дарыясынын Нарын менен Ысык-Көл облустарынын кесилишинде жайгашкан. Суу сактагычтагы суу Кыргызстан менен Казакстандагы 120 миң га айыл чарба жерин өздөштүрүү үчүн керектелет. 

Башкы беттеги сүрөт:  Канат Рыскулов / RFE/RL